Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын экс-спикери: Кыргызстандын эли тандоо укугунан ажыраган

 Ишенбай Кадырбеков 2020-жылы парламентке азыркыдан да начар курам келиши мүмкүндүгүн белгиледи

КРнын азыркы мыйзамдары өзгөрүүсүз калса, 2020-жылы Жогорку Кеңешке ушундай эле же мындан да курам келет. Мындай оюн Vesti.kg сайтына парламенттин экс-спикери Ишенбай Кадырбеков билдирди.

- Муну менен эми эч нерсе кыла албайсың, - деди ал. - Ал тургай 9 пайыздык босого менен эң көп дегенде үч партия өтөт. Анда бийлик менен пикирдин монополиясы орнойт. Бул өтө кооптуу. Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев мындай болсо монархия түзүлүп калат деп туура айтып жатат. Акаев ушундай жолду басып өткөн. Ошондон кийин бийлик алмашып кеткен. Ушундай эле катаны парламент менен аткаруу бийлигин өз колума алам деген Бакиев дагы кетирген.

Кадырбековдун пикиринде, учурда Кыргызстандын эли тандоо укугунан ажыраган.

- Парламент ичиндеги талкуулар маалында оппозиция көмүмскөдө калып калат, - деп сөзүн улантты мурдагы спикер. - Бардык талаш-тартыш жана пикир айтуулар парламенттин ичинде жүргөндөй болуш керек. Албетте, бул үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Эл буга жол бербейт деп айтууга болбойт. Тилекке каршы, эл учурда эч нерсе чечпейт. Элде азыр тандоо укугу жок. Алар партиянын лидерлери менен бийлик түзгөн тизме үчүн шайлай гана алышат. Биз силер менен депутаттарды тандайбыз да. Бирок, учурдагы мыйзамдар боюнча биз партияны гана тандай алабыз. Ал эми кайсы депутаттар келерин биз чече албайбыз, бул өлкө үчүн абдан кооптуу болушу мүмкүн.

Тактай кетсек, кечээ-жакында эле ЖКнын мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген интервьюсунда бийлик ЖКнын VII чакырылышын мурдагыдай эле жол менен чогултам деп ойлоп жаңылышат деп билдирген. Анын пикиринде эл буга жол бербейт.

«Бүгүнкү күндө Аскар Акаевдин бийлик учурундагыдай кырдаал түзүлүп келе жатат. Бийлик абсолюттук бийликке ээ болом деп жаңылышат», -деген Осмоналиев.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх