Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат ЖК - президентке: Көзүмө тике карап айтыңызчы, өлкөдө эмне болуп жатат?!

 Ирина Карамушкина президент менен жолугушууну талап кылууда. Ал кесиптеши Асел Кодурановага телефон менен эле эмес интернетти пайдаланууга да тыюу салынганына кыжырданды

Депутат Ирина Карамушкина парламентте Алмазбек Атамбаевге тоскоолдук кылбаган эл өкүлдөрүнүн баары кошо катышуучулар катары жоопкерчиликке тартылышы керек деп билдирди.

Мындан сырткары, ал кесиптеши Асел Кодурановага карата соттун чечимине дагы өз нааразычылыгын айтты.

«Кечээ сот Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованы үй камагына алуу чечимин чыгарды. Башкы прокуратура мындан сырткары, соттон ага телефон менен эле эмес интернет пайдаланууга тыюу салууну дагы сурагнды. Биздин укуктук мамлекетте азыр эмне болуп жатат же биз падышачылык болуп кеттик беле? Жарандардын укугу менен парламентарий макамы мынтип уятсыз түрдө тебеленип жатканда биз унчукпай отурбашыбыз керек. Азырынча мандатым жана эл алдында чыгып сүйлөө укугум бар, мен түздөн түз президентке эски дос же партиялаш катары эмес, өлкө башчысы катары кайрылам. Бизди чакырып, көзүбүзгө тике карап айтыңызчы - өлкөдө эмне болуп жатат? Эгерде сиз элди бириктирип, өлкөнү өнүктүрөм десеңиз  кысым көрсөтүүгө эмес, башкарууга басым жасаңыз.

Конституцияга ылайык, бизде бийликтен өлкөнү өзгөртүүгө талап кылчу оппозициялык укугубуз бар. Биз мына ошону кылчубуз. Эгерде Алмазбек Атамбаев бунтту кааласа, ал эл талап кылып жатканда эле, 7-августта аларды Ак үйгө алып келмек. Ал эми 8-августта ал сүйлөшүүлөрдү күткөн, элди көкүткөн бийлик да жоопкерчиликке тартылышы керек. Андыктан, мен бүгүн кесиптештериме кайрылам. Жердин бардыгында - күчтүү парламент, күчтүү мамлекет деп атышат. Кайдагы мамлекет, жарандардын укуктары бузулуп жатса?

Мен ар-намыс менен абийирин жоготпогондорго кайрылам. Түшүнөм, Атамбаев кимдир-бирөөлөрүңүздөргө жамандык кылган болушу мүмкүн. Мен, бирок, түшүнбөй турам, ЖЭБ, көмүр, Кой-Таш боюнча, ал мыйзамсыз жер алган имиш… Эмнеге ошол маалда бардыгы унчупай отурган?! Анда спикер Асылбек Жээнбеков эмес беле, досу Сооронбай Жээнбеков эмес беле? Андай болсо, ошол маалда парламент кошулуп, бардыгы үндөбөй отурдубу - демек аларды кошо катышуучу катары караш керек», - деди Карамушкина.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх