Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Алтыбаева - Карамушкинага: Мен каза болгон спецназдын апасынын көздөрүн көргөм

 Эл өкүлү Атамбаевдин ишинин акыйкат каралышына терең ишенет

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Ирина Карамушкинанын парламент мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишинде кошо катышуучу деген сөзүнө жооп кайтарды.

Эл өкүлү укук коргоо органдарынын ишти акыйкат тергешине терең ишенерин айтты.

- Ирина Юрьевна, мен депутат болгондон тышкары- энемин, - деп баса белгиледи ал. - Кой-Ташта каза болгон спецназдын апасынын ыйга толгон көз жашы, оор жаракат алган Чүй облусунун ИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун буркурап ыйлаган жубайынын көздөрү дале көз алдымда. Атайын комиссия түзүлгөн, алар укук коргоо органдары менен бирге калыс жана анык баа беришет деген ойдомун. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча макулдашуунун ратификацияланышы боюнча болсо, сиз тажрыйбалуу парламент мүчөсүзүз, жакшы билесиз да, биздин негизги маселе - колдоп берүү. Бул жерде сөз кредиттик каражатты сапатсыз пайдаланууда болуп жатат.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх