Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagram

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев СИЗО-1ден убактылуу кармоочу жайга которулду

  • 145 жолу кароо

Буга чейин анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени маалымдалган

Бир нече күн мурда Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев СИЗО-1ден Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына которулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМКнын басма сөз кызматында билдиришти.


-СИЗО-1де ал бир нече күн гана кармалды, убактылуу кармоочу жайга соттун чечими менен которулду, - деп түшүндүрүштү алар.


Эске салсак, Алга Кылычев 7-8-августта Кой-Таштагы окуялар боюнча кармалган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх