Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кашкар Жунушалиевди оставкага кетиришеби?

«Кыргызстанда президент гана эскертүү бермейин, кандай гана резонанс болбосун - эч бир чиновникти кызмат ордунан кетире албайт»

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жакынкы арада отставкага кетирилиши мүмкүн. Белгилүү саясат таануучу жана мурдагы дипломат Vesti.kg сайтына белгилегендей басма сөз кызматтарында байма-бай байкалып жаткан милициянын кесипкөйсүздүгү муну айтууда.

- Бул саясий элиталык топтордун ортосундагы компромисс маселеси, - деп түшүндүрдү эксперт. - Мисалы, Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтышы ж.б.у.с. Комрописске далалат кылган мындай кырдаалда Кашкар Жунушалиев ыңгайсыздык жараткан фигурага айланды.

Сариевдин пикиринде, акыркы мезгилде ЖМКда укук коргоо органдарынын кылык-жоруктары тууралуу терс маалыматтардын өтө кылдаттык менен байма-бай чагылдырылышы ИИМнин башчысынын отставкасына багытталган «маалыматтык даярдык» болуп жатканынан кабар бериши мүмкүн.

- Мындай окуялар мурда деле болуп келген жана азыр алардын саны кескин көбөйүп кеткенине ишенбейм, - деди ал. Орчундуурактары деле болгон - Орок айылында автоунааны кантип куушкан эсиңиздердеби? Азыр болсо ушуга эле басым кылып калышты.

Кечээ Vesti.kg Бишкектин ИИББнын криминалдык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн башчысы жол талашып кетип, атаандашына ок чыгарып жибергенин маалымдаган. Бул окуя кыргызстандыктардын жалдагы үрөй учурган мушташтын күнөөкөрлөрүн жаап-жашыруу жана Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жасалган чабуулда укук коргоо органдарынын шалаакылыгы алып келген жоготуулар сыяктуу ИИМге карата болгон сын-пикирлерин тизмесин дагы толуктады окшойт.

Укук коргоочу Адил Турдукулов өз кезегинде жогоруда айтылган мисалдар эле Кашкар Жунушалиевдин өз кызмат ордун ээлеп турууга моралдык укугу жок деп айтууга жетиштүү деп эсептейт.

- Өзүн цивилизациялуу деп эсептеген каалаган башка бир өлкөдө мындай окуялардан кийин министр эчак отставкага кетмек, - деди ал Vesti.kg сайтына.

Кыргызстанда болсо президент гана эскертүү бермейин, кандай гана резонанс болбосун - эч бир чиновникти кызмат ордунан кетире албайт, - деди укук коргоочу.

- Бул эмнени түшүндүрөт, демек аларга коомчулук эмес, жогоруда турган жетекчилик гана таасир кыла алат, - деп кейиди Турдукулов. ИИМ жана башка күч органдары көбүнчө башкача пикирге ээлерге, алардын ичинде оппозияга да кысым көрсөтүүчү саясий ресурс катары кабыл алынат.

Андыктан ал системдик көйгөйлөр Кашкар Жунушалиев менен кошо кетип калбайт деген пикирде. Укук коргоочунун айтымында, күч түзүмдөрүн реформалоо бийлик менен коомчулуктун приоритеттүү маселелеринин бири болушу зарыл.

Саясий маселелер боюнча серепчи Турат Акимов дагы күч түзүмдөрү эчактан бери терең кризиске батканын белгилеп, анын эң көрүнүктүү мисалы - Алмазбек Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуул маалындагы башаламандыкты айтууга болот деп эсептейт.

- Тергөөнү ИИМ жүргүзгөн дагы, чабуулду болсо тергөөгө катышпаган жана тергөөчүгө баш ийбеген УКМКнын «Альфасы» жасайт - деген оюн ортого салды ал. - Ал башкы командачыга гана баш ийиши керек элек, ал болсо чет элдик делегацияны тосуп, Чолпон-Атада жүрдү. Ким ошондо баарына жооп бериш керек эле?

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги жок дегенде тергөө аяктагычакты кетиши керек эле, - деп белгиледи саясат таануучу. Анткени, Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин аракеттерине алардын эле кол алдындагылары баа берип жатпайбы, кантип мындай шартта басым болбой койсун?

- Тергөөчүлөр аларга барып, эмне жазыш керек, а эмнени жашырыш керек сурап жүрүшөт, коррупциянын дал өзү эмеспи, - дейт Акимов. - Кечээ подполковник көчөдө жай тургунга каршы ок чыгарды. Өзгөрүүлөр эчак эле бышып калган.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Бишкек ИИББнын криминалдык милициясынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангулов кк
кечээ жол талаша кетип, эркек адамга карата ок чыгарып жибергенин жазган.

Бир нече күн муурда Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылып, Жалдагы дүкөндүн жанынан аёосуз сабалган балдардын туугандары Ак үйгө митингге чыгышкан.

Кечээ-жакында эле соцтармактын колдонуучулары министрдин «жеке көзөмөлүндөгү иш» болгонуна карабастан, Камила Дүйшөбаеванын өлтүргөндөр дагы деле аныктала электигин эске салышкан.

Кашкар Жунушалиев экинчи ирет ИИМнин башчысынын кызматын ээлеп турат, бирок, системада дагы деле көйгөйлөр бар болсо, демек ал ишин улантпай эле койгону оң, деген Vesti.kg сайтына буга чейин мурдагы чекист Максат Мамытканов.

-Тартип орното алган жокпу, колунан келбедиби - демек так саясий максаттарга ээ, жаңы бирөөнү дайындоо маалы келди, - деп белгилеген ал.


Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх