Эркин Мамбеталиев тоюна Камчы Көлбаев менен Ахматбек Келдибековду чын эле конокко чакырганын тастыктады
Атамбаевдин мурдагы жансакчысы өзү көптөгөн адамдар менен жакшы алакада экенин, бирок, ортолорунда эч кандай каржылык же ишкерлик мамиле жоктугун айтты
Криминалдык төбөл Камчы Көлбаев, ЖКнын экс-спикери Ахматбек Келдибеков, мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев жана башка Кыргызстандын белгилүү инсандары 27-августта Эркин Мамбеталиевдин кызынын узатуу тоюнда конок болушкан. Мындай маалымат жакында эле социалдык тармактарда пайда болгон.
Эркин Мамбеталиев өзү бул маалыматты Vesti.kg сайтына берген маегинде тастыктады.
- Бул чындык, - деп жооп берди ал. - Мен Келдибеков, Ибраев, Көлбаев жана башкалар менен абдан жакшы мамиледемин. Бирок, бизде эч кандай каржылык же ишкерлик мамиле жок. Достук, ал тургай туугандык да мамилебиз бар десе болот. Бул Азимбек Бекназаровго тиешелүү.
Эске салсак, Эркин Мамбеталиев 90-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Коопсуздук кызматында эмгектенген. 2008-жылы, Курманбек Бакиевдин башкаруу маалында сот Мамбеталиевди бир нече адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Бийлик алмашкандан соң, 2010-жылы Эркин Мамбеталиев мунапыс менен эркиндикке чыккан. Анын иши «жаңы ачылган жагдайларга» байланыштуу кайра каралган.
Медина Купсулдаева
Фото www