Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эркин Мамбеталиев: Атамбаев менен 2010-жылдан бери көрүшө да, сүйлөшө да элекмин

 Экс-президенттин мурдагы жансакчысы Алмазбек Шаршеновичке бир нече ирет соттук системадагы башаламандык болуп жатканын эскерткенге аракет кылганын айтты

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев 7-8-августта Кой-Таштагы окулар болуп жаткан маалда аны менен байланышкан эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамбеталиев өзү билдирди.

- Мен Атамбаев менен 2010-жылдан бери көрүшө да, сүйлөшө да элекмин, - деди Мамбеталиев. - Мен эркиндикке чыккандан бери. Тегерегинде таптакыр башка кишилер болуп калган. Эсимде, Атамбаев кетээрде Чолпон-Атадагы «Рух Ордодо» пресс-конференция берип, журналисттердин бири унаалар, курал-жарак, жасалма номурлар темаларына токтолуп, мен жөнүндө дагы суроо узаткан. Буга Атамбаев: «Мени Эркин Мамбеталиев менен аралаштырбагыла. Ал өз жолун тандады. Ал Рыспек Акматбаевди тандады. Ал эми Рыспек Акматбаев мени өлтүрүүнү каалаган», -деп кескин жооп берген. Элдер мындан кийин өздөрүнчө тыянак чыгара башташкан. Мен да, албетте өзүм үчүн тыянак чыгардым.

Ал Алмазбек Шаршеновичти бир нече ирет соттук системадагы башаламандык боюнча эскерткенге аракет кылганын айтты.

- Мындан сырткары, конференцияда Икрам Илмиянов жөнүндө да суроо берилген, - деп эске салды Эркин Мамбеталиев. - Буга Атамбаев ответил: «Ал таптаза. Андан эч нерсе издебегиле» деп жооп кайтарган эле. Кана ошол таптазалар азыр? Мен табам канып турган жок, болгону фактыларды айтып жатам. Эгерде алар башкалардын оюн угуп койсо өлкөнү мындай абалга жеткизишпейт эле, балким. Элди угуш керек. Мен ал маалда Атамбаевди бирөөлөр аркылуу кайда рейдерлик басып алуу болуп жатканын, жеткиргенге аракет кылчумун. Бирок, мунун бардыгы тескери кабыл алынчу.

Ал болгону башаламандык жөнүндө айгайлаганын, ал эми мурдагы өлкө башчысы буга Эркин Мамбеталиев алдамчылар менен аферисттерди коргоп жатат деп чыкканын белгиледи.

Сөзүнүн жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы айрым ЖМКларда жарыяланган экс-президент Эркин Мамбеталиевдин бошотулушуна көмөк кылган болушу мүмкүндүгү жөнүндөгү сөздөр боюнча пикирин билдирди.

- Атамбаев менен революция үчүн мен ал жерде дээрлик 9 айга көбүрөөк убакытка кармалдым, - деп сөзүн улантты ал. Атам менен бир тууганым ошол маалда каза болуп калды. Мен аларды көрбөй калдым. Ошондо кимге эмнеге ыраазычылык билдиришим керек?

Эске салсак, Эркин Мамбеталиев 90-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Коопсуздук кызматында эмгектенген. 2008-жылы, Курманбек Бакиевдин башкаруу маалында сот Мамбеталиевди бир нече адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Бийлик алмашкандан соң, 2010-жылы Эркин Мамбеталиев мунапыс менен эркиндикке чыккан. Анын иши «жаңы ачылган жагдайларга» байланыштуу кайра каралган.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх