Тажикстан Кыргызстан менен такталбаган чек ара аймагында «атайын дөңчөлөрдү» төшөдү (видео)
Бул боюнча аткаминерлер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө
Тажик тарап Кыргызстан менен такталбаган чек ара аймагында «атайын дөңчөлөрдү» ("лежачий полицейский") төшөдү.
Жолдогу ремонт иштеринин видеосу интернетте пайда болгон.
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына учурда Баткен жана Исфара облусунун жетекчилери аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын билдирди.
- Бул «атайын дөңчөлөр» төрт жолдун кесилишинде төшөлгөн, - деп такташты алар. - Аталган тилке Кыргызстан тарабынан 49 жылга ижарага алынган жана кечээки андагы оңдоо иштери мыйзамсыз жүргүзүлдү.
«Атайын дөңчөлөр» алынабы-жокпу акимдердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана белгилүү болорун мекемеден кошумчалашты.
Зулайка Эркимбаева
Фото www