Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Матраимов: Биз өкмөттөн 156 млн сом сураган эмеспиз

Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими эмнеге Каржы министрлиги аларга башкаларга караганда көбүрөөк дотация бөлгөнүн түшүндүрдү

2020-жылдын бюджетинин долбооруна ылайык, Ош облусунун Кара-Суу району келерки жылы башка райондорго, ал тургай өлкөдөгү башка облустарга караганда дагы көбүрөөк дотацияга ээ болот.

Тагыраагы, Кара-Суу районуна 156, 4 млн сом бөлүнөт. Салыштыра келсек, Чүй облусуна 160, 7 млн сом, Ысык-Көл облусуна 111,9 млн сом, Талас облусуна - 121, 7 млн сом бөлүнөрү белгилүү.

Белгилей кетсек, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов - ЖКтин депутаты Искендер Матраимов менен Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун бир тууганы.

Кара-Суу районунун акимиаты Vesti.kg сайтына бул боюнча маалыматтары жок экенин айтышты.

Vesti.kg ошондой эле Тилек Матраимовдун өзүнө дагы кайрылды.

- Биринчиден, белгилей кетүү керек, Кара-Суу районунун калкы 42 миң адамдан ашат, - деп тактады аким. - Бизде 129 мектеп, 44 айылдык клуб, китепканалар бар. Мындан сырткары, 80 фельдшердик-акушердик пункттар бар. Алардын имараттары жергиликтүү бюджетке кошулгандыктан, аларды оңдоп-түзөөгө да кээде каражат бөлөбүз. Мына ушуга байланыштуу Минфиндин сайтында көрсөтүлгөн сумма Кара-Суу районуна бөлүнөт. Туура, Талас, Ысык-Көл облусуна караганда көбүрөөк. Сайтта көрсөтүлгөндөй бизге 156, 4 млн сом бөлүнөт. Бул алдын ала божомолдонуп жаткан сумма. Эгерде, жалпы бюджетти санаса, Кара-Суу районуна аталган акчанын 16-18 пайызы бөлүнөт.

Муну менен бирге Матраимов акимиат өкмөттөн 156, 4 млн сом сурабаганын баса белгиледи.

- Соцкызматчыларга айлык маяна төлөп бериш керек, ошондуктан, өкмөт мурдагы жылдарга караганда көбүрөөк сумманы бөлүүнү чечкен, - деп сөзүн улантты Тилек Исмаилович. - Финансы министрлиги өзүнүн ыкмалары менен бул сумманы эсептеп чыкты. Башкача айтканда, биз эч кандай жол менен буга таасир кыла алмак эмеспиз. Биз болгону бир жарым жыл мурда Минфинге кайрылуу жөнөткөнбүз. Калктын, окуучулардын саны жана башка көп факторлорду эске алуу керек. Биз өкмөттөн бул сумманы сураган жокпуз.



Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх