Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарын ээлеген кызматынан четтетти

Премьер мындай чечимди Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолордон улам кабыл алган

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти
Бул өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүүлөрү керек деп эсептейт.

Тактай кетсек, Бакыт Калмуратов жана ЭКККМКнын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ишкерден 50 миң АКШ доллар пара талап кылышкан. Калмуратов параны алып, Жамгырчиевге өткөрүп бергени айтылган.

Буга чейин Бакыт Калмуратов Мухаммедкалый Абылгазиевдин кеңешчиси болуп келген. 2015-жылдан 2017-жылга чейин ал Соцфонддун коррупция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу болгон.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх