Дастан Бекешев Кыргызстанда коллекторлордун пайда болушун колдойбу?
Белгилүү юристтер депутаттын жеке соттук аткаруучулар кызматын түзүү боюнча демилгесине каршы чыгышты
Соттук чечимдердин аткарылышы мамлекеттин мойнунда болуш керек, эгерде алар аткарылбай жатса, демек, кандайдыр-бир реформаларды жүргүзүү зарыл. Мындай оюн Vesti.kg сайтына мурдагы судья Клара Сооронкулова бөлүштү.
- Биздин мамлекеттин бирден-бир көйгөйлөрүнүн бири - соттук чечимдердин тең жарымынын аткарылбаганында, - деп белгиледи ал. - Мунун көп себептери бар, алардын бири - коррупция. Бирок, эгерде,биз жеке соттук аткаруучулар кызматын түзө турган болсок, анда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, биздин өлкөдө өз милдеттерин мыйзамсыз түрдө да аткаруудан артка кайтпаган коллекторлор пайда болуп калышы мүмкүн. Россияда мындай кызматтар бар. Бирок, алардан баш тартуу тууралуу сөздөр айтылып жатат.
Клара Сыргакбековна жабырлануучулардын чыгымын төлөп берүүдө соттолуучу эч кандай мүлккө ээ болбогондугуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калган учурлар кезигерин кошумчалады.
- Өнүккөн өлкөлөрдө мындай соттолгон адамдар абактар да эмгектенип, алардын тапкан акчасы жабырлануучулардын эссебие которуларын кошумчалады.
Тактай кетсек, депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда жазаларды аткаруу жеке кызматын ачууну сунуштаган. Парламент мүчөсү мамлекеттик соттук аткаруучулардын абдан жай ишин белгилеген.
«Жарандардар акча көтөрүп бармайын, алар чара көрүшпөйт, - деген ал парламентте. Мүмкүн жеке соттук аткаруучуларды түзүү маселесин карап көрүшүбүз керектир? Соттон утуп чыгуу чечим аткарылат дегенди түшүндүрбөйт. Башка мамлекеттерде мындай бар, эмнеге бизде каалашпайт? Карызды өндүрүү да жарандарга жеңилдемек».
Белгилүү юрист Руслан Долаев, з кезегинде депутаттын сунушун СССР кулап жатканда мамлекеттин мүлктү менчиктештирүү сунушу менен салыштырды.
- Анда дагы бизге бардыгы байып кетет дешкен эле, эмне болду акыры?, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Соттук өкүлдөрдүн жеке кызматы Частная служба бул - коллекторлор. Биз алардын башка өлкөлөрдө кандай иштешерин жакшы билебиз. Соттук чечимдердин аткарылышына мамлекет жооп бериш керек. Эгерде, мындай болбой жатса, демек көйгөй бар жана аны чечүү зарыл.
Вероника Малышева
Фото www