Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтайым Уметалиева кызын турмушка узатты. Кыз узатууда Касым-Жоомарт Токаевдин кеңешчиси конок болду

Ырчы Бураштын кыз узатуу тоюна Улуу Британиянын элчиси да катышты

Эки күн мурда президентикке экс-талапкер, укук коргоочу Токтайым Уметалиеванын кызы ырчы Бураштын кыз узатуу тою болуп өттү.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Токтайым Уметалиева коноктордун 40 пайызын ата мекендик аристтер, алардын ичинде Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Талгат Жакшылыков жана башка көптөгөндөр түзгөнүн белгиледи.

- Менин кызым маданият кызматкерлери менен чогуу чоңойду, - деди Уметалиева. - Мына ошондуктан, коноктордун арасында көп чыгармачыл адамдар болду. Бардыгы 250 киши болду, алардын көбү - биздин туугандар. Тойду ашыкча шаан-шөкөтсүз, улуттук каада-салттарыбыз менен өткөрүүнү кааладым. Салтанат «Frunze» ресторанында болуп өттү.

Муну менен бирге Уметалиева коноктордун арасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кеңешчиси Ерлан Карин да болгонун ырастады.

- Ал менин бала кезден берки досум, - деп сөзүн улады укук коргоочу. -Ал мамлекеттик эмес уюмдун катардагы өкүлү кезинен бери дос болуп келе жатабыз. Семинарларда бирге иштечүбүз. Мен ал менен 2000-жылдан бери таанышмыш. Ерлан Карин кызым төрөлгөндө колуна алып, багып калган. Ал өкүл ата катары келди.
Ерлан Каринден сырткары салтанатка Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси жана анын орун басары дагы катышты.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх