Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастанбек Жумабековдун үстүнөн Башкы прокуратурага арызданышууда

Парламенттин спикери дээрлик бир жылдан бери Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишине бут тосууда

Жогорку Кеңештин төрагасы бир жылдан бери Кыргызстандагы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишине бут тосууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына координациялык кеңештин төрагасы Өткүр Жаббаров билдирди.

Сөздүн төркүнү учурда жарандык коомдун 8 мүчөсүнөн болгону үчөө калган - калгандары отставкага кетишти же болбосо жөн гана өз кызматтарын таштап, баса беришти. Калгандардан экөө жыйындарда анда-санда эле көрүнбөсө, алардан деле дайын жок.

Кворумдун жоктугу Координациялык кеңештин кандайдыр-бир маселелерди чечүүгө, ал эми Улуттук борбордун иштөөгө дээрлик мүмкүндүгү жоктугун түшүндүрөт.

- Мисалга, Координациялык кеңеш Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун бюджетин бекитет, ал эми кворум жок болгондугуна байланыштуу буга чейинки жылдын бюджети колдонулуп келет, - деп тактаты Жаббаров. - Бирок, 2019-жылы Минфин Улуттук борборго былтыркы 11 млн сомго кошумча кылып 7 млн сом бөлүп берген. Улуттук борбор бул каражатты колдоно албай калган.

2019-жылдын январь айынын башында Координациялык кеңеш ЖКнын спикери Дастан Жумабеков менен конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбековго Координациялык кеңештин мүчөлөрүн коммерциялык эмес уюмдардын ичинен тандоо боюнча комиссия түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жооп болгон эмес жана 2019-жылдын сентябрь айында Координациялык кеңештин мүчөлөрү төрага менен комитет башчысына кайрадан өз милдеттерин аткарып берүүлөрүн суранып, кайрылышкан.

- Биз бир дагы оңдуу жооп ала алган жокпуз, - деп баш чайкады Өтүр Жаббаров. - Болгону бир жолу бизге телефон аркылуу комитетте жумушчу топ түзүлгөнүн, алар Улуттук борбор боюнча мыйзамдын аткарылышын текшере турганын айтышты. Бирок, ал топ так эмне кылып жатканын, кандай жумуш алып барып жатышканын биз билбейбиз.

Парламенттин аппаратынын жумушчулары кеңештин мүчөлөрүнө жардам бере алышпайт - алардын сөзү боюнча кайрылуу учурда Дастан Жумабековдун өзүндө жана ага эч ким бул же тигил катка көңүл буруусун айтып, тапшырма бере албайт.

Акыйкатчы Токон Мамытов дагы Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бири. Ал 2019--жылдын февраль айында эле төрагага кеңештин жаңы мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия түзүү зарылдыгы туурасында айтмакчы болгон. Бирок, мындан эч кандай майнап чыккан эмес.

Кыйноолорду алдын алуу борбор уюм башка вазийпаларынан сырткары, Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы Конвенциянын факультативдик протоколу боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин аткарууга түзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экенин дагы эске салышты.

Жана БУУнун Кыйноолорду алдын алуу подкомитетинде, 2018-жылдын 11-22 сентябрда өткөн иш сапарында Координациялык кеңештин иш-аракеттери кворумдун жоктугуна байланыштуу буулуп турганын белгилешкен.

«Өзү мыйзам чыгарган Жогорку Кеңештин аракетсиздиги укуктук мамлекеттин принциптерине шек келтирип, өлкөбүздүн кадыр-баркын дүйнөлүк коомчулук алдында түшүрүүдө», - деди Өткүр Жаббаров.

Азыр Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн катарына кирүүгө коммерциялык эмес уюмдардан түшкөн сунуштарды карап чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекитип (комиссиянын курамы парламентке бекитүүгө 2018-жылдын сентябрь айында эле жөнөтүлгөн), парламенттик оппозиция сунуштаган Жогорку Кеңештин депутатынын Координациялык кеңешке тандалуу маселесин карап чыгуу зарыл.

- Сотко барардан мурда Координациялык кеңеш коомчулукка кайрылат, - деди Жаббаров. - Бирок, биздин кайрылуубуз башкы прокурорго дагы барат.
Координациялык кеңеш - Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жогорку башкаруу органы.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх