Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Бишкек мэриясы жолдордун курулушуна байланыштуу жеке турак-жайларды бузуп, элдер жылдап төлөмдөрүн күтүп жатышат

Марат Аманкулов өкмөттөн жеке мүлктү баалоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууну суранды

Бишкекте жолдорду курууда мэрияга айрым учурда жарандардын кыймылсыз мүлкүн алууга туура келет, бирок, кийин адамдар айлап, ал тургай жылдап дагы төлөмдөрүн ала албай келишет. Бул тууралуу парламенттин пленардык жыйынында депутат Марат Аманкулов айтып чыкты.

- Шаарда жолдордун реконструкциясы жүрүп жатат, кээде муниципалитет жеке тилкелерди жалпы колдонууга алууга мажбур болот, - деп эске салды ал. - Аткаминерлер баалоочуларды тартышып, алар турак-жайды базар баасында баалап беришет. Эгерде кыймылсыз мүлктүн ээси үйүн бул суммага сатууга макул болбосо, аны менен соттошууга туура келет. Бирок, эч ким бул адамдар башка жаңы турак-жай таап, ал жакка көчүп, балдарын жаңы мектеп, бала бакчаларга киргизүүлөрү керектигин эске албайт. Мунун бардыгы акчалай чыгым да. Жыйынтыкта, жаңы үйгө акчалары жетпей калат.

Аманкулов көйгөй төлөмдөрдүн аз суммасында эле эмес, аларды айлап, ал тургай жылдап дагы кечиктиришкенинде экенин кошумчалады.

- Кийинки жылы Бишкекте жолдордун реконструкциясынын үчүнчү этабы башталат, бул демек, жеке турак-жайлар дагы алынарын түшүндүрөт, - деп белгиледи депутат. -Өкмөт турак-жайды баалоонун жаңы механизмин ойлоп табышы керек.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх