Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясат таануучу: ЖК депутаттары шайлоонун алдында коркконунан орундууу сунуштарды айтып жиберип жатышат

Муну менен бирге эксперт Кыргызстанда мамлекеттик аппарат «колхоздук» курамга ээ экенин, аларда эмнеге болбосун шылтоосу бардыгын белгиледи

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоонун алдында кадимкидей жанданып, коркконунан орундуу сунуштарды да айтып жиберишет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бакыт Төрөбаевдин эл өкүлдөрү мыйзам аркылуу бюджеттин аткарылбаганы үчүн өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жобону киргизүүнү пландаштырып жатышканы тууралуу сөзүнө саясат таануучу Токтогул Какчекеев ушундай пикирин билдирди.

- Конституцияга ылайык бардыгы укук жана милдеттерге ээ, - деп эске салды ал. - Бирок, жооптуу кызматкерлерде эч кандай жоопкерчилик жок. Мамлекеттик кызматкер кантип ант бергенин байкасаңар - ал болгону куру убада берерин түшүнөсүңөр. Ал эми, аскер адамдарынын антын карап көргүлө. Таптакыр эки бөлөк нерсе. Алар кандайдыр-бир тартип бузуу болсо, жоопкерчилик тартышат. Эгемендүүлүк алгандан бери 30дан ашык премьер-министрлерибиздин бир дагы эл алдынча чыгып маалымат берген жок. Ал акырын Жогорку Кеңешке доклад берип коет. Аны көрсөткөн партия жакшы иштегени үчүн алкыш айтып отурат.

Саясат таануучу мамлекеттик кызматкерлер эл алдында отчет берүүгө милдеттүү экенин эске салды.

- Төрөбаев негизи, ар бир премьер, бүтүндөй эле мамлекеттик кызмат сыяктуу эле жооптуу экенин айтты, - деп сөзүн улады Какчекеев. - Эгерде мамлекеттик кызматкерлер салык төлөөчүлөр аларга эмгек акы төлөп беришерин эстешсе, алар жок дегенде ошол акчалардын эсеби үчүн маалымат берип, мыйзамды сактап,эл үчүн кызмат кылышканын далилдеш керек. Мыедай жок да. Биринчиден, мындай идея көптөн бери бышып келе жаткан. Экинчиден, бул идея ага келерки шайлоого пиар болуп берет. Биздин өкмөттө профессионалдар иштейт деп айтууга кыйын. Бардыгы эле зоотехник, агроном, ветеринар. Мамлекеттик башкарууну кой, техникалык адистикке ээлер өтө аз. Бул мамаппараттын курамы колхоздук экенин билдирет. Аларда бардыгына шылтоо бар.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх