Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

55 жашка чыккан ИИМнин башчысынын орун басары Памир Асанов эмнеге дагы эле отставкага жибериле элек? Министрлик түшүндүрмө берди

Мекемеде мыйзамда милиционерди дал туулган күнүндө кызматтан алуу жазылбаганын тактады

ИИМнин басма сөз кызматы эмне үчүн ички иштер министрдин орун басары Памирбек Асанов мыйзам тарабынан 55 жаш курагына жеткенден кийин отставкага кетиши керектигине карабастан кызматын улантып жатканын тактоого аракет кылды. Полковник Асанов азыр туура 55 жашта.


ИИМнин пресс-релизинде төмөнкүдөй жазылган:


«Соттук-укуктук реформанын алкагында жана 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы жазык мыйзамдары ишке киргенине байланыштуу, жаңы процесстик талаптар пайда болуп, тергөө бөлүмдөрү менен тергөөгө чейинки кызматкерлердин ролу жана жоопкерчилиги жогорулаган. Жаңы жазык мыйзамдарын мындан ары дагы жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр менен кошумчалар киргизилип, кызматкерлер окутулуп жатат. Бул багытта министрликтин ишмердүүлүгүн координациялоо милдети министрдин орун басарларынын бири - милициянын полковниги Памирбек Асанов дайындалган.
Ал ички иштер министринин орун басары кызматына дайындалгандан мурда аталган министрликтин Тергөө кызматынын башчысы кызматында иштеп келген. Ал эми ага чейин ар кандай жетектөөчү кызматтарды аркалап, тергөө багыты боюнча мол тажрыйбага ээ болгон милиция кызматкери экендиги да эске алынган.

2019-жылдын 16-октябрында ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов 55 жашка чыкты.

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдын 7-2-беренесине ылайык, орто жана ага жетектөөчүлүк курамдын атайын наамы бар ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында кызмат өтөй алышат жана 55 жаш курагында отставкага бошотулат. Тактап айтканда, азыркы мыйзамга ылайык, дал туулган күнүндө жумуштан кетирүү деген так талап жок. Азыркы учурда жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча кызматкерлерди кызматтан бошотуу алардын берген рапортунун негизинде ишке ашат.

Тактап айта турган маселе, «Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2020-жылдын 3-февралынан баштап күчүнө кире турган 85-беренесинин 1-бөлүмүндө кызматкерлердин 55 жашка чыгышы боюнча отставкага кетирүүнүн нормалары каралган».

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх