Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Мамашова: Менин декларациямда көрсөтүлбөгөн беш фирманын баары жабылган

Эл өкүлү мыйзамга каршы бир нече компанияга ээлик кылары айтылган маалымат боюнча жооп кайтарды

ЖК депутаты Айсулуу Мамашованын декларациясында көрсөтүлгбөнү айтылган фирмалардын көбү азыр иштебейт. «Economist.kg» порталында жазылган маалымат боюнча парламент мүчөсү Vesti.kg сайтына ушундай жоопту айтты.

Сайттын маалыматына ылайык, эл өкүлү беш фирманын негиздөөчүсү жана кош негиздөөчүсү экенин жашырып койгон. Юстиция министрлигинин ачык маалыматтарында Мамашова төмөнкү компанияларда үлүштөргө ээ экени жазылган:

«Aisu-Lu» (Айсу-Лу) ЖЧК «кандайдыр-бир айкындоосу жок кеңири түрдөгү товарларды дүңүнөн сатуу» менен алектенет.
Кыргыз-Орус биргелешкен «Дасмия Авиэйшн» ишканасы. Жадыбалга ылайык аба аркылуу ташуулар.
«KIT-TRAVEL» ЖЧК - аба аркылуу ташуулар менен алектенген дагы бир компания.
«DASNUR» («ДАСНУР») ЖЧК -туристтик агенттиги.
«AQUAPARK DASMIA» ЖЧК (Аквапарк Дасмия)

- Бул жабык фирмалар, - деп ишендирди Айсулуу Турусбековна. - Көп фирмалар азыр жабылып калган, кээ бирлери боюнча мен ишеним башкаруу өткөрүп бергем, бирок, алар дагы жабылуу процессинде турат. Көптөгөн депутаттарга карата мындай маселелер көтөрүлөт. Жакында эле Элвира Сурабалдиева бир нече ЖЧКдун ээси экенин айтып чыгышкан. Бирок, чынында, мындай эмес, анткени, бул фирмалар иштебейт.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх