Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Жумабеков эрежесиз эр уруш боюнча чемпионго колдонулган автоунаа белек кылды

WEF федерациясында ЖК төрагасынын белегине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнбөгөнүн белгилешти

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков эрежесиз эр уруш боюнча чемпионаттын жеңүүчүсүнө автоунаа белек кылды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маалымдады.
Ал парламенттин спикери көптөн бери федерациянын өнөктөшү экенин, андыктан, спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүп келерин билдирди.
- Дастан Артисбекович автоунааны мамлекеттик каражаттан албаганын белгилеп кетким келет. Бул чындык, - деп ишендирди ал. Унаа колдонулган, Toyota Camry 50 үлгүсүндө. Ал мелдештин чемпиону Рыскулбек Ибрагимовго берилди.

Белгилей кетсек, Toyota Camry 50 үлгүсүндөгү колдонулган автоунааны Кыргызстандын аймагында 1 миллион сомдон аз акчага алууга болбойт.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх