УКМКнын кызматкерлери Сапар Исаковду күч менен сотко алып келишти
Учурда мурдагы премьер конвойдук бөлмөдөн чыгуудан баш тартууда
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Свердлов райондук сотуна Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча иштин жараянына күч менен алып келинди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
Юристтин айтымында Исаков УКМКнын СИЗОсунун камерасынан чыгуудан баш тартып жаткан.
- УКМКнын кызматкерлери Исаковдун колун бурап, сотко күч менен алып келишти, - деп тактады Токтакунов. –Учурда ал конвойдук бөлмөдө жана соттук жыйындар залына чыгуудан баш тартууда.
Исаков келтирилген 111 млн $ чыгым жөнүндө бүтүм чыгарып берген эки эксперт-күбөлөрдү - Е. Хафизов жана Г. Асановду суракка алууну суранууда.
Гулиза Чудубаева
Фото www