Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канатбек Исаев Ширин Айтматованы сотко берет

 Бир нече күн мурда Ширин Айтматова Исаев Токмоктун мэрлигин ээлеп турган кезде биринчи кыргыз китепканасынын сатылып кетиши боюнча эске салган

ЖК депутаты Канатбек Исаев Ширин Айматованы сотко берүүдө. Бул тууралуу мурдагы депутат өзүнүн Twitter аккаунтунда маалымдады.

«Канат Исаев тааныштар аркылуу сотко берерин айттырыптыр. Сотко даярданабыз!» - деп жазган Айтматова.

Бир нече мүнөттөн кийин ал:

«Коррупциялашкан соттук системанын кезектеги курмандыгы болуу, албетте, мени кызыктырат. Исаев, Сабира Турусбекованын тагдырын кайталышыма ишенип жатат го».

Кыязы, сөз Токмок мэриясынын алдындагы маданият бөлүмүнүн башчысы Сабира Турусбекова жөнүндө, ал кыргыз тарыхындагы биринчи китепкана боюнча соттук иштин аягына чейин жашабай, эки жолу инсульт алып көз жумган эле.

Ширин Айтматова бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, YouTube каналына бир нече күн мурда жарыялаган.

Ал Владимир Путиндин иш сапары алкагында Кыргызстан менен Орусиянын маданий жана тарыхий жалпылыгын талкуулоо ага Турусбекованы эсине салганын белгилеген. Эр жүрөк аялды издеп таап, тарыхий эстеликтин сакталышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирели дешкен. Бирок, тилекке каршы, анын бул жашоо менен кош айтышканына эки жылдын жүзү болгон экен.

Токмок шаарынын китепканасы - Кыргызстандын аймагындагы биринчи китепкана. Аны 1912-жылы биринчилерден болуп көчүп келген орустар түптөгөн. Анда 36 миң китеп сакталып турган. Айтматова Токмоктон чыккан бир далай көрүнүктүү инсандар дал ошол китептерди окуп, өсүшкөнүн белгилеген.

«2008-жылдын 13-мартында Токмок шаардык кеңеши өз токтому менен китепкананы социалдык инфраструктуралардын тизмесинен турак эмес жайлардын категориясына кошот, - деп сөзүн баштаган мурдагы эл өкүлү. - Шаардык кеңештин төрагасы Калыбек Качкыналиев буга кол койгон. Анын аянты - 550 чарчы метр».

2010-жылдын 9-апрелиндеги №121 -токтом менен мэр Канат Исаев китепкананын имаратын Ж.Кенжекараевге 572 миң. 116 сомго сатып жиберген. Ошол жылдагы доллардын курсу менен эсептегенде (1 доллар = 44,94 сом), шаардын ортосундагы бир чарчы метр жерди болгону 23 долларга баалашкан, деп белгилеген Айтматова.
Токмок мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Сабира Турусбекова ошол кезде: «Чыныгы кардар - шаардык кеңештин депутаты Роза Машалаева, ал
эми Кенжекараев – болгону анын чарба кызматкери» деп айткан эле. Анын айтымында, сатылып кеткен тилкеге депутат сауна же мейманкана курайын деген.

«Бардыгы коркот, - деп 2010-жылы баш чайкаган Турусбекова. – Прокуратурага арыз жаздым, жооп жок».

Ал Жогорку сотко, башкы прокурор Аида Саляновага, ал тургай президент Алмазбек Атамбаевге дагы кайрылган.

«2010-жылдын 25-июнунда Чүй облусу боюнча финполициянын тергөөчүсү, ага лейтенант Касымалиев Б.М. Токмоктун мурдагы мэри Кадырбек Имамадиевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча жана экс-мэр Канатбек Исаевге «кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу -№084103073-токтомун киргизген», - деп сөзүн улаган Ширин Айтматова.

Чүй район аралык жана Чүй облустук соттору мэриянын китепкананы сатуу боюнча токтомун жокко чыгарышкан.

Бирок, Сабира Турусбековага дагы оңой болгон эмес: ал жетектеген маданият бөлүмүнө текшерүүлөр жаай баштаган. Алардын артында ЖКтин мурдагы депутатынын айтымында, Канат Исаевдин эжеси Венера Исалиева жана анын досу шаардык кеңештин мурдагы депутаты Мырза Жаманбаев турушкан.

Турусбекованын жакын курбусу, КРнын Мамлекеттик теле-радио комитетинин алдындагы Токмок радио берүүсүнүн негиздөөчүсү жана башкы редактору Клара Кирбашова, Жаманбаев маданият бөлүмүнүн жетекчисин чакырып, жай эле пенсияга чыгып кетүүнү сунуштап, бул үчүн «Токмок шаарынын ардактуу жашоочусу» наамын убадалаганын айткан.

Турусбекова бул сунушту четке каккан соң, биринин артынан бири болуп, баш аягы 11 текшерүү жүрүп, акыры Сабира Турусбековага каршы мамлекеттик каражаттарды коротуу боюнча кылмыш иши козголгон. Аны «40 миң сомго ээлик кылып алып, бул акчаны иш-чараларга кетти деп жазып койгон» деп айыпташкан.

Кайгыдан анын ден-соолугу начарлай баштаган.

Көп өтпөй Жогорку сот китепкана боюнча ишти Чүй район аралык сотко кайра кароого жиберип, алар сатууну мыйзамдуу деп табышкан.

«2012-жылдын 8-июнунда Токмок шаарынын мэри Анвар Омурканов Султан Ибраимов 133 дарегиндеги китепкананы көчүрүү боюнча токтом чыгарган», - деп маалымдаган Айтматова.

Сабира Турусбекова 5 соттук жараянды, эки инсультту башынан кечирип, 2017-жылдын 3-апрелинде 66 жаш курагында көз жумган.

Учурда биринчи кыргыз китепканасы бузулуп, анын аймагы тосулуп турат.

«Калыбек Качкыналиев МЖАКнын төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиевдин алгач орун басары кийин кеңешчиси болуп дайындалган. Дал ушул киши Азиз Батукаевди Нарындагы түрмөдөн «Манас» аэропортуна чейин узатып барып, өлкөдөн качып кеткен, - деп сөзүн жыйынтыктай баштайт Ширин Айтматова. - Анвар Өмүрканов КРнын Хоккей федерациясын жетектейт. Мырза Жаманбаев «Кыргызкөмүрдүн» башчысы болуп, учурда Өнөр жай, энергетика жана кен казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.
Ал эми Канат Исаев – Жогорку Кеңештин депутаты. <…> Бирок, биз Исаев өңдүүлөрдүн жетекчилиги астында кайда барабыз? Коррупция жана олигархтар менен чырмалышкан «Кыргызстан» партиясы кайра парламентке киришин биз каалайбызбы?

Vesti.kg Канатбек Исаев менен маалыматты такташ үчүн байланыша алган жок.

Ольга Федорчук
Фото www
Видео YouTube

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх