Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кезектеги келесоолук!». ИИМнин ардагери милицияны полицияга алмаштыруу туурасында

 Эксперт мекеменин аталышын өзгөртүүгө миллиард сомдой акчаны коротуу орунсуз деп эсептейт

Кыргызстанда жумушчу топ милициядан полицияга өтүү мүмкүндүгүн талкуулоодо. Бул тууралуу «АКИпресс» агенттигине ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдады.

Ал буга бир миллиард сомдой акча бөлүү керектигин белгилеген.

«Жумушчу топ корутунду чыгаргандан кийин комментарий бере алам. Жумушчу топтун жыйынтыктары менен таанышмайын бир нерсе деп айтуу азыр мага кыйын. Министр катары мен бардыгын эске алышым керек: коомчулук мындай реформаны кандай кабыл алат, кайсы жактар өзгөрөт»,- деп басылма Жунушалиевдин сөзүн келтирген.

Ал ортодо ИИМнин ардагери, кылмыш аныктоо бөлүмүнүн мурдагы офицери Кайрат Загибаев Vesti.kg сайтына полицияга өтүү мүмкүндүгүн «кезектеги келесоолук» деди».

- Бул кезектеги келесоолук, - деди Загибаев. - Ансыз деле азыр жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекси менен ар бир тергөөчүдө 350дөн иш турат. Аталышты алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Мен милициянын ардагери катары буга каршымын. Алар ишин оңдош керек.

Буга чейин милицияны полицияга өзгөртүү маселеси бир нече ирет козголгон. Үстүбүздөгү жылдын март айында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «акыр-аягы милиция полиция болот» деген эле.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх