Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: Милициянын басымдуу бөлүгүн ак ниет адамдар түзөт

Муну менен бирге президент ИИМде «бир карын майды бир кумалак чиретет» дегендер да бар экенин мойнуна алды

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жардам таба албаган ишкерлер мамлекет башчысына кайрылууга аргасыз болушат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарада билдирди.

- Мен дагы бир ирет баса белгилеп кетейин, ишкерлерди коргоо, аларга колдоо көрсөтүү - биздин жалпы милдетибиз болуп саналат, - деди ал. - Силер мыйзамсыздыкка жол бербешиңер керек. Ишкерликти жүргүзүүгө коопсуз шарттарды камсыздоо зарыл.

Президент ички иштер органдарынын катарларында «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендер да жок эмес экенин белгиледи.

- Бүгүнкү күндө кыргыз милициянын басымдуу бөлүгүн ак ниет, мекенине берилген инсандар түзөт, - деди Жээнбеков. - Бүгүн ушул залда дал ушундай адамдар отурат деп ишенем. Тилекке каршы, кызматкерлердин арасында «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендер да бар. Мындай кызматкерлер жүрүп жаткан соттук-укуктук реформаларга бөгөт жаратып, коомдун келечегине коркунуч жаратууда.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында милициянын катарында жогорку кесиптик жана моралдык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керек.

- Сиздер эр жүрөктүүлүк, жан аябаган каармандык эмгегиңер менен элдин колдоосуна жана сый-урматына жеттиңер, - деп белгиледи президент. - Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, силерге тагылган милдеттерди аткаруунун натыйжасы күн сайын жогорулайт деп ишенеримди билдиргим келет.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент мыкты кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх