Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төлөйкан Исмаилова: Жээнбеков УКМКнын тыңшоолоруна вето коюшу керек

 Укук коргоочу ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков кыргызстандыктардын жеке жашоонун кол тийбестиги укуктарын бузган мыйзамды сүрөбөшү керек деген пикирде

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине жана Жазык-процесстик кодексине атайын кызматтарга Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине факты каттала элек убакытта аңдуу жана телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо укугун берүү жөнүндө толуктоолорду киргизүүнү сунуштады.

«Биз жалпы вариантка келдик. Бүгүнкү күндө мыйзам жок жана биз чалгындоо жана контр чалгындоонун өзгөчөлүктөрүн эске алган жаңы мыйзам кабыл алышыбыз керек»,- деди Мамытов.

Мамытовдун кесиптеши - депутат Дастан Бекешев буга каршы чыгып, мындай толуктоолор кабыл алынса, УКМКнын кызматкерлери каалаган адамды террорист же экстремист деп шекшип, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшай алышаран айтты.

«Бизде ыкчам-издөө иш-чараларынын системасы бар, силер ал аркылуу бардыгын сотсуз эле тыңшай аласыңар. Эми болсо, бардык адамдарды тыңшай алуу мүмкүндүгүн мыйзамдаштырып бергиле деп жатасыздар»,- деди эл өкүлү.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков Мамытовдун демилгесин колдоого алып, кесиптештерин мыйзам долбоору үчүн добуш берүүгө чакырды.

Ал ортодо укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Vesti.kg сайтына берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков эгерде документ үчүнчү окуудан өтө турган болсо, мыйзам долбооруна вето коюшу керек деген пикирин билдирди.

- Кыргызстан БУУ жана ЕККУнун мүчөсү катары эл аралык милдеттерге ээ, - деп эске салды ал. КРнын конституциясы жарандардын жеке коопсуздугун жана жеке жашоого кийлигишүүнүн жоктугун кепилдейт. Парламент бардыгын бурмалоодо, бул бизди тынчсыздандырат. Депутаттар жарандардын конституциялык укуктарын бузушууда. Бул мыйзамдын авторлору жарандардын укуктарынын эркиндиги жана теңдик жөнүнө айткан президентка каршы иш жүргүзүп жатышат.

Анын айтымында Дастан Жумабеков аталган мыйзам үчүн добуш берүүгө чакыруу менен регламентти бузууда.

Өз кезегинде УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы, көз карандысыз эксперт Марат Мамытканов бул маселе боюнча башка көз карашта. Анын пикиринде атайын кызматтарга тыңшоо мүмкүндүгүн улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында мыйзам негизинде уруксат бериш керек.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх