Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаев: Бабанов атайын мен үчүн Москвадан табигый уксус буюртма кылып, мага белек кылды

Саясатчы президентикке экс-талапкер менен диета тууралуу баарлашканын айтып берди

Президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге уксус диетасын сунуштап, Москвадан алдырган табигый уксусун белек кылды. Бул тууралуу ата жергиликтүү «Эркин Маалымат» Youtube-каналына берген маегинде «социалисттердин» лидери өзү айтып берди.

Өмүрбек Чиркешовичтин айтымында Өмүрбек Бабанов менен чогуу отуруп, баарлашуу ага абдан кызыктуу болгон. Саясатчы алар ЖКнын депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда бирге отуруп маектешишкенин белгилеп өттү.

«Тойдо эң биринчи ирет жаштар жана кудалар жөнүндө сөз болот. Биз жашоо-тиричилик, ден-соолук жөнүндө баарлаштык. Бабанов арыктап, жашарып калыптыр. Мен андан кандай диетаны карманарын сурадым. Ал кармаган диетасы жана спорт менен алектенгени туурасында айтып берди. Эгерде, мурда диеталар жөнүндө аялдар гана сүйлөшүшсө, азыр ушундай заман келди, ал тууралуу карылар да сүйлөшүшөт», - деп айтып берген саясатчы.

Текебаев Бабанов ага уксус диетасын сунуштаганын айтып берди.

«Көрсө, алма уксусу болот экен. Төрт пайыздуу. Эки чай кашык мындай уксусту бир стакан сууга кошуп, аралаштырып, тамактанарга жарым саат калганда ичүү керек экен. Бул арыктаганга жана ден-соолукту чыңдаганга жардам берет дешти. Бабанов атайын мен үчүн Москвадан табигый уксус буюртма кылып, мага белек кылды. Мен белекти ушундай эреже менен ичип жатам», - деп айткан «Ата Мекен» партиясынын лидери.

Булак
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх