Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин мыйзам бузууларын аныктады

Саламаттыкты сактоо дарегине бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө киргизилди

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугун берген лицензия алуу үчүн документтерди чогултуу жана кабыл алуу процедураларын өткөрүүдө системалуу түрдө ишкерлик ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун шарттарын камсыздоонун негизги принциптеринин бири - ишкерликке лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлбөгөн документтерди талап кылууга жол бербөө керектиги айтылган «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 2-1-беренелери бузулуп келген. Бул прокурордук текшерүүнүн негизинде аныкталган.

Тагыраагы, 2019-жыл аралыгында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан министрликтин жана өкмөттүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жеке медициналык ишмердүүлүктү лицензиялоонунун тартиби туурасындагы Убактылуу жобонун тиешелүү буйруктарында каралбаган документтер негизсиз түрдө талап кылынып келген.

Жыйынтыкта, жок талаптардын негизинде (фармацевтти жумушка алуу тууралуу буйруктун көчүрмөлөрү, штаттык жадыбал туурасындагы буйрук, медициналык объектилердин сүрөттөрү ж.б.) бир катар ишкерлерге (9 ЖИ) жана жоопкерчилиги чектелген коомдорго (15 объект) лицензия берүүдөн баш тартылган.

2019-жылдын 31-октябрында Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында саламаттыкты сактоо министринин дарегине мыйзамдарды бузууну жоюу тууралуу көрсөтмө киргизилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх