Сагынбек Абдрахманов: КСДП шайлоого барат. Биздин максат - жеңиш
«Социал-демократтардын» жаңы лидери партияны айрым аким, депутат, ошондой эле базарком жана мансапкорлордон тазаламакчы
КСДПнын жаңы лидери Сагынбек Абдрахманов партияны ага кокустан кошулган адамдардан «тазаламакчы». Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү маалымдады.
Тактай кетсек, 29-октябрда Жогорку сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана депутат Асел Кодуранованын Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту тарабынан КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахмановдун доо арызын камсыздап берүүгө аныктамасы боюнча арызын карап чыгып, биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Абдрахмановдун айтымында эми алардын саясий бирикмеси билек түрө иштей башташмакчы.
- Эми биздин жолубуз ачык жана биз жигердүү иштей баштайбыз, - деди Сагынбек Абдрахманов. - Биз «Кечээ. Бүгүн. Эртең» урааны алдында республикалык партиялык конференция өткөрүүгө ниет кылуудабыз. Бүгүнкү күндө партияда ажырым байкалууда, ал жаңылануу жолунда турат. Партияга кокустан кошулуп калган адамдар бар. Алар четте туруп, мындай оор абалда турганда партиянын ишине аралашпай жатышат. Биз мындай адамдардан партияны бошотобуз.
Муну менен бирге ал партиядан канча кишини кетирүүгө ниеттенип жатканын тактаган жок, бирок, алардын арасында акимдер, аймак башчылары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары бар экенин белгиледи.
- Бизге партиянын идеясына берилген, принципиалдуу адамдар керек, андыктан, дал ушундар адамдарды топтойбуз, - деп убадалады Абдрахманов. - Биздин партияда жаңы, акылдуу адамдар болсо дейбиз. Базарком, бизнесмен жана мансапкорлордон кутулгубуз келет.
Мындан сырткары, ал КСДП 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышууга ниеттенип жатканын кошумчалады.- Учурда биз шайлоого активдүү даярдык көрүүдөбүз. Биздин максат - жеңиш, - деди маектешибиз.
Фото www