Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Гаипкулов Жээнбеков Атамбаевге окшоп, парламентке көрсөтмө бербейт деди

Мелис Мырзакматовдун жакын тарапташы өкмөт жана Жогорку Кеңеш учурдагы президент менен гана көз карандысыздыкка жете алгандыгына ишенет

Качууда жүргөн Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматодун жакын тарапташы, ЖКнын депутаты Искендер Гаипкулов Vesti.kg сайтына ал бир дагы жолу президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан парламентке кандайдыр-бир көрсөтмө болгонун укпаганын билдирди.

- ЖКнын фракциялары өздөрү чечим чыгарышат, - деп ишендирди эл өкүлү. - Башкысы, азыр премьер министрлердин кандидатураларын өзү сунуштайт. Ал эми Атамбаевде болсо министрлерден баштап айыл өкмөт башчыларына чейин президент жана КСДП башында турган башкаруучу коалиция дайындачу. Жашырганда эмне? Депутаттар эркинирээк иштей баштады. Мисалы, мен президент парламентке келип, кандайдыр-бир көрсөтмө бергенин көргөн жокмун. Муну баары эле ачык айтып жатышат. Мамлекет башчы коррупция менен күрөшүүдө. Мына кечээ-жакында өткөн конференцияда да ал баардык иштерди ага жеткирип турууну суранды.
Парламент мүчөсү азыркы күндө премьер-министр менен күч түзүмдөрүнө эч ким көрсөтмө бербесин баса белгиледи.

- Мен Атамбаевдин маалында парламентте иштеген жокмун, - деп сөзүн улады Искендер Торобаевич. - Жогорку Кеңешти толугу менен контролдоп турчу деп уккам. Мен ЖКда Жээнбеков келгенден кийин иштеп баштадым. Парламент жүз пайыз өз алдынча иш алып барып жатат. Мурда өкмөттө да прокурорлор депутаттардын «оозун басууга» аракет кылган учурлары болчу. Кээ бир депутаттарды ачык эле куугунтукташчу. Азыр бардыгы ачык иштеп жатышат.

Сөзүнүн жыйынтыгында Гаипкулов эл азыр туруктуулук эмне экенин түшүнө башташканын белгиледи. Экс-президент же депутат мыйзам бузса, түрмөгө отуранын бүгүнкү күндө баары билип калды.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх