Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын мүчөсү Асылбек Жээнбековду камакка алууну талап кылууда

Темирлан Султанбеков Башкы прокуратура менен президенттик аппаратты сотко бермекчи

КСДПын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун камакка алынышын талап кылмакчы. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчасында билдирди.
Анын айтымында ал бүгүн адвокат жана юристтер менен жолугушат. Эгерде алар анын башкы прокуратура менен президенттик аппарат КРнын жарандарынын арыздары жана кайрылылуулары менен иш алып баруунун жол-жоболорун бузуп жатышат деген божомолун ырастап беришсе, анда ал башкы көзөмөл органы менен мамлекет башчысынын аппаратын сотко берет.
«А.Ш. Жээнбековго карата кылмыш ишин козгоо суранычы менен башкы прокуратурага арыз менен кайрылганыма бүгүн туура 20 күн болду.
Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганыма болсо 18 күн болду, президенттик аппарат 3 күндүн ичинде жооп беребиз дешкен. Бирок, 18 күн өтсө дагы, мен али жазуу түрүндө жооп ала элекмин.

Урматуу достор!

Мен Жээнбековдор Кыргызстандын саясатына таасир эте алышпай калгычакты Асылбек Жээнбековдун камалышы үчүн болгон аракетимди көрөм. Андан кийин мен дароо арызымды артка тартам дагы эч кийлигишпейм. Ал маалда Жээнбековдордун камакка алынуусун талап кыла турган жүздөгөн, ал тургай миңдеген башка саясатчылар пайда болот. Ал эми менин милдетим - азыр жана ушул жерде укуктук мамлекетти түптөө болуп саналат.
Бул жагдайда эски депутаттар менен саясатчыларды ЖМКлар аркылуу спикер болгону көз салып турганы жөнүндө көңдөй пикирлерин айттырып, бийликтин Асылбек Жээнбековду коргоо аракеттери ары күлкүлүү ары акылсыз туюлат. Мен дагы бир ирет так кесе белгилеп кетмекчимин, депутаттарга жүктөлгөн милдеттерди абстракттуу деп атоого мүмкүн болсо, ЖКнын төрагасынын милдеттери алда канча кенен жана «КРнын ЖКнин регламенти жөнүндө» мыйзамда так жазылган. Эгерде, КРнын өкмөтү расалык сегрегация же жай жарандарды атуу тууралуу мыйзам киргизе турган болсо, спикер буларды добушка коебу эмне?! Дагы бир жолу белгилеп кетейин, Асылбек Жээнбеков КРнын ЖКнин добуш берүү жыйынтыктарына эмес, кредиттик макулдашууну дароо үч окуудан өкмөт тарабынан жактыруу маселесин добушка коюп, муну менен «КРнын ЖКнин регламенти жөнүндө»КРнын мыйзамынынын 55-беренесинин 10-б. 6-п.п. бузганына күнөөлү», - деп жазган Султанбеков.

Муну менен бирге ал Сооронбай Жээнбековдун «Темирлан Султанбеков эл тарабындабы же туугандары тарабындабы - өзү чечиши керек» деген билдирүүсүнө дагы жооп кайтарган.

«Сооронбай Шарипович, пресс-конференцияда сүйлөп жатып: «Мына, Темирлан Султанбеков «Эл мененсиңерби же туугандарыңар мененсиңерби чечкиле», деп жатат. Мен эчак эле чечимге келгем. Мен эл менен».

Мен С.Ш.Жээнбековго жооп бергим келип жатат.

Урматтуу, Сооронбай Шарипович! Мен сизден сиздин эл менен экениңизди же тууган-тушкандарыңыз менен экениңизди сураган эмесмин. Мен сизге же туугандарыңызды же өлкөнү тандашыңыз керектигин айткам. Ал эми менин кайрылуумдун өзөгү- Асылбек Жээнбеков боюнча арызымды башкы прокурордун жеке көзөмөлүнө алуусун шарттап берүү болчу. Жооп бериңиз: колуңуздан келеби же жокпу?», - деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Эске салсак, Темирлан Султанбековдун Бишкек ЖЭБнин модернизациялоо боюнча иштин алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековго каршы кылмыш ишин козгооо тууралуу арызын Башкы прокуратура үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында кабыл алган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх