Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын башчысынын жаңы орун басары жөнүндө анын мурдагы кесиптештери кандай пикирде?

 Улуттук коопсуздук комитетинде мурда иштеген серепчилер Талантбек Салиевдин жогорку кызмат орунуна дайындалышы боюнча үн катышты

УКМКнын учурдагы жетекчилигинде азыр жаш курагы да, тажрыйбасы да төп келген адамдар турат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиевдин дайындалышы боюнча өз пикирин аталган мекеменин башчысынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов уушндайча билдирди.

- Мен Талантбек Салиевичти көптөн бери тааныйм, бирок, анын иши тууралуу так бир нерсе деле айта албайм, - деп белгиледи Марат Муканович. - Ал, жаңылбасам ИИМнин академиясын аяктаган, бирок, улуттук коопсуздук органдарында көп жылдардан бери эмгектенет. УКМКнын башчысы туура тандоо кылып, экөө жакшы кызматташып кетишерине үмүттөнөм. Бул адамдар азыр мындай кызматтарды аркалаганда тажрыйбасы да, билими да жетип турган жаш куракта.

Муну менен бирге УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басарлыгына эмгек ишмердүүлүгүнүн дээрлик бардыгын өлкөнүн түштүгүндө өткөргөн адамдын дайындалышы президенттин өз позицияларын бекемдеп жатканынан кабар берет деп белгиледи.

- Кыязы, азыр мамлекет башчы өзү ишене алган кадрларды тандаганга аракет кылып жаткан сыяктуу, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Абдан начар деп айтууга деле болбойт, бирок, эгерде алар дайындаган адамдар жакынкы убакытта иштеринде жакшы натыйжа көрсөтүшпөсө, анда эл арасында нааразычылыктар пайда болбой койбойт го.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Салиев Талантбек Тагаевичти дайындоо жөнүндө буйрукка кол койгон.

Талантбек Салиев 1975 - жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан бери улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда эмгектенипе, анын ичинде жетекчилик кызматтарды дагы аркалап келген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх