Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясат таануучу: Саймаити боюнча Жээнбеков деле чара көрсө болмок

Эксперт ТИМнин башчысы консулдуктардын иш-аракеттерине көз салып турууга милдеттүү болгондугун, анткени, бул Кыргызстандын аброю жөнүндөгү маселе экенин эске салды

Депутат Алмамбет Шыкмаматов ЖКнын кечээки пленардык жыйынында өкмөт менен парламент Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити КРнын консулдугуна тиешелүү дипломатиялык авто номур менен кандайча жүргөнүн иликтеп чыгышы керектигин айтып чыкты.

Кабминдин жетекчилигинен ыкчамыраак активдүүлүктү саясат таануучу Медет Төлөгөнов дагы күтөт. Vesti.kg ага комментарий алуу үчүн кайрылган. Анын айтымында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саймаитинин өлүмүнө байланышкан окуяга жеке баасын берүүгө тийиш.

- ТИМ өкмөттүн бир бөлүгү болуп саналат жана мекеменин башчысы консулдуктарда эмне болуп жатат - бардыгын көзөмөлдөп турушу керек, - деп белгиледи эксперт. - Премьер-министр өз кезегинде тышкы иштер министрлигинин ишине көз салып турууга тийиш болчу. Коррупциялык иштерди жөн кой, бул жерде өлкөнүн бедели менен аброю жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Саймаитин өлтүрүлүшү жана анын кылмыш иштерине байланышы бардыгы айтылып жаткан жагдайда бул маселени ТИМ эле эмес ИИМ дагы кароого тийиш.

Мындан сырткары, Төлөгөнов президенттик аппарат менен өкмөт бул окуя боюнча дароо үн катышы керек болчу деген пикирде.

- Бул жерде президенттик аппараттын дарегине дагы сын айтуу жөндүү, анткени, консулдарды дайындоо алардын вазийпасы, - деп кошумчалады Түлөгөнов. - Бул президенттин укугу. Демек, Сооронбай Жээнбековдон деле кандайдыр-бир реакция болуш керек эле.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх