Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КТРКнын Байкоочу кеңешинин башчысы кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Жыпар Жекшеев мындай чечимге ага эмне түрткү болгонун түшүндүрүп берди

КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев ээлеген кызматынан кетип, кеңештин мүчөлүгүнөн чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Жекшеев бул чечимин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Мен үч жолу төрага болуп дайындалдым, телерадиокорпорациянын байкоочу кеңешинин тарыхында бир дагы жолу болгон эмес, - деп белгиледи ал. - Мен бирикменин мүчөсү болуп кала турган болсом, чечимдерим дагы деле таасирдүү болуп кала бермек, ошондуктан, кетейин деп чечтим. Демократия үчүн жана жаңы адамдар, жаш муундарга иштеп көрүүгө мүмкүндүк берүү үчүн ушундай кадамга бардым.

Жекшеев анын мындай чечимин кесиптештери кандай кабыл алышканын азырынча билберин кошумчалады. Арызды ал кечээ жазган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх