Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кылычбек Султан: Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоковду президент өзү коргоого алышы керек

КРнын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Саймаитинин өлүмүнө тиешеси бар «чоң желмогудар» жоопкерчиликтен качып кетет деп кооптонот

Эгерде Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Стамбулдагы экс-башкы консулу Эркин Сопоковду өзү коргоого албаса, анда чыныгы кылмышкерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетет. Бул тууралуу КРнын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
Ал өлкө башчысынын жанындагыларынан ага бул билдирүүнү жеткирүүлөрүн суранарын белгилеген.

«ТИМ тараткан маалыматка таянсак, күнөөнүн бардыгы төмөнкү баскычтагы чиновниктерге жүктөлгөн экен. «Чоң желмогуздар» кутулуп кете тургандай сезилип жатат. Бул адамдардын кийлигишүүсүсүз, калкалоосусуз мындай иштер болушу мүмкүн эмес эле.

Бир нече жыл өтпөй Сооронбай Жээнбеков дагы «айланамдагыларга ишенип жаңылыпмын» деп аттиң кылышы толук мүмкүн.

Бул кайрылуум көз жаздымда калбайт деп ишенем, албетте, мен божомолдогон «чоң желмогуздардын» башында Сооронбай Жээнбеков өзү эле турбаса», - деп жазган Кылычбек Султан.

Эске салсак, 10-ноябрда Түркияда «Азаттык» радиосунун МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү боюнча иликтөөсүндө аты аталган ишкер Айеркен Саймаити киши колдуу болгон.

Кылмыш болгон жерде биздин өлкөнүн консулдугуна жазылган 34 CC 2902 номурлуу Range Rover автоунаасы табылган.

Бул факт коомдук резонанс жаратып, Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх