Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жээнбеков менен бир маалда жашап, иштегениме сыймыктанам». Президенттин туулган күнүнө карата депутаттар арасында сурамжылоо (видео)

61 жашка чыга турган өлкө башчысына «темирдей нервди» каалашты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эртең, 16-ноябрда 61 жашка толот.

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө башчысынын туулган күнүнүн алдында Vesti.kg сайтына маек беришип, Сооронбай Жээнбековду чын дилден куттуктап, ак тилектерин каалап өтүштү.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев президентке «темирдей нерв» каалады.

«Биздин маморгандар менен иштөө үчүн чыдамкайлуулук керек», - деп белгиледи ал.

Анын кесиптеши, КСДП фракциясынан дагы бир депутат Евгения Строкова Сооронбай Жээнбековго «сүйүүсү ченебеген жемиштерди алып келгидей» кылып өлкөбүздү сүйүүнү каалады.

«Республика - Ата Журт» фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев өз кезегинде «Сооронбай Жээнбеков менен бир маалда жашап, иштегенине сыймыктанарын» белгиледи.

Ал эми «Ата Мекен» фракциясынан депутат Бахадыр Сулейманов өлкө башчысына «Кыргызстандын тарыхына калгандай салым кошуусун» тиледи.

Муну менен бирге «Республика - Ата Журттун» эл өкүлү Аида Исмаилова Сооронбай Жээнбековго «президенттик постто чыдамкайлуулук жана сабырдуулук» каалады.

Медина Купсулдаева
Видео Vesti.kg
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх