Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-спикер ЖК: Кыргызстанда Апас Жумагуловдун жасаган эмгектери бааланбай келет

Кубанычбек Исабеков бийлик тарабынан көз жаздымда калып, татыктуу деңгээлде ардакталбай жаткан мамлекеттин залкар ишмерлерин эске салды

Кыргызстанда мурдагы премьер-министр, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун жасаган эмгектери бааланбай келет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКнын төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди.

- Апас Жумагулович өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошкон, бирок, анын жасаган эмгектери бүгүнкү күнгө чейин бааланбай келет, - деп эсептейт Исабеков. - Албетте, биздин мамлекетте эстеликтер тургузулуп, митинг өткөрүп, ар кандай ишмерлердин атынан көчөлөрдүн атап жатышканы жакшы деңизчи, бирок, мындай урматтты татыктуу инсандардын көзү тирүүсүндө көрсөткөн жакшы го дейм.

Кубанычбек Сатиндиевич өз маалында Турдакун Усубалиевге дагы жетиштүү көңүл бөлүнбөй келгенин айтып өттү.

- Мен вице-спикер болуп турган кезде башымдан өткөн бир окуя эсиме түштү, - деп ал кошумчалады. - Турдакун Усубалиевич мага жардам сурап кайрылды, - Ысык-Көлгө жолдомо ала албай жаткан экен. Мен ага путевка алууга көмөктөшүп, көл жээктеги резиденцияда жайгашкан үйүнө барып калдым. Үйдүн эскилиги жетип калган экен, ремонт жок. Мындай улуу адамга берилген үйдүн абалын көрүп, абдан зээним кейиди. Башка корпуска көчүп кетүүнү сунуштадым, бирок, ал баш тартып койду.

ЖКнын экс-вице спикеринин айтымында, кийинчерээк Усубалиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, абдан нааразы болгон экен.

- Ал саясий куугунтукка кабылып, акыры анын партиялык билетин алып коюшкан, - деп тактады Исабеков. -Бирок, акталгандан кийин КПССтин ЦКне кайрылып жатып, партбилетин кайтарып алган. Тилекке каршы, мындай мамиле кыргыз мамлекетин башкарган башка белгилүү инсандарга карата дагы болгон. Мисалы, Исхак Раззаковдун сөөгүн биз Москвадан Борис Силаев башкарган делегация менен бирге алып келгенбиз. Биз ошондо ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн өткөргөн батирин көргөнбүз. Ал кымындай батирде кызы жашап калган. Биздин өлкө ага татыктуу урмат-сый көрсөтө алган жок. Тескерисинче, Кыргызстандан кетүүгө аргасыз кылды. Ал ошол бойдон, бөтөн жерде бул жашоо менен коштошкон.

Дагы бир мисал катары Исабеков Рахманкул хандын окуясын эске салды.

- Ал октябрь революциясынан кийин Лениндин саясатын колдогондордун акыркыларынан болчу, - дейт экс-вице-спикер. - Өлкөнүн түштүгүндө ал биздин тарых менен маданиятты жакшы билген сабаттуу адамдардын катарында эле. Ал зомбулукка каршы чыгып, Кыргызстандын эркиндигин сактап калууга умтулган, бирок, Үркүн маалында Кытайга качууга мажбур болгон. Андан кийин Пакистанда, Афганистанда болгон. Өмүрүнүн акыркы күндөрүн Түркияда өткөрдү. Анын сөөгүн жерге берүүдө, тилекке каршы, Кыргызстандын бийлигинин бир дагы өкүлү катышкан эмес. Ал тургай, мындай белгилүү кыргыз лидери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы эч кандай толук маалымат берилген эмес. Тарыхы жок эл болбойт деп коет. Биз өз тарыхыбызды жакшы билишибиз керек. Маданиятыбызды, эне тилибизди, салт-санаабызды сактоо - ар бирибиздин милдетибиз.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх