Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын сейфинен жоголгон далил буюмдар. Юрист эми Чалбаевдин иши боюнча бардык айыпталуучулар акталышы керек деп эсептейт

Бирок, адвокат Айткуловдун пикиринде чекисттер акчалардын жоголгону үчүн баары бир жоопкерчиликке тартылышы керек

Пара алуу боюнча кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчисинин кылмыш ишине байланыштуу далил буюмдар, тагыраагы - акчалар УКМКнын сейфинен жоголуп кетти. Бул маалыматты мамкомитеттеги өздүк булактарына таянып Vesti.kg сайтына адвокат Икрамидин Айткулов ырастады.

- Чындыгында эле, Улан Чалбаев УКМКнын мурдагы кызматкеринен жана Канатбек Исаевдин күйөө баласы Исаев Бакайдан доолаган деп айтылган 200 000 доллар жоголуп кетиптир, - деди ал.

Юристтин айтымында далил буюмдардын жоголушу соттук процесс үчүн бир гана нерсени түшүндүрөт: бул иш боюнча бардык айыпталуучулар акталышы керек.

- Далил буюмдардын жоктугу - иш сотко бериле элек болсо, аны токтотуу үчүн бирден бир негиз болуп саналат, - деп белгиледи Айткулов. – Ал эми мындай жагдайда актоодон башка каалаган чечим негизсиз жана мыйзамсыз болуп калат.

Адвокат акчанын жоголушуна күнөөлүү болушу мүмкүн делип жаткан УКМКнын кызматери эмнегедир өз ыктыяры менен кызматтан алынганына көңүл бурду. Кылмыш иши дагы козголгон жок.

- Прокуратура далил буюмдардын жоголгонуна байланыштуу кылмыш ишин козгошу керек, - деп баса белгиледи ал. - Муну менен бирге мамлекеттик комитеттин катардагы кызматкери буга жалгыз жооп бербеши керек: акчанын сакталышын камсыздабаган анын жетекчилиги да жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх