Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Билимсиз уурудан билимдүүсү жаман». Дастан Жумабековдун билдирүүсү колдоо табууда

Саясат таануучу жергиликтүү кеңештин депутаттарына вуздардын дипломуна ээ болуу милдеттүү эмес деген пикирге кошулат

Жогорку билимдин жоктугу айылдык кеңештин депутатынын мандатын алууга жолтоо болбошу керек. Саясий маселелер боюнча серепчилер менен юристтер дагы ушундай пикирде.

- Анткени, депутаттар элдин өкүлдөрү да, бардык катмарынын, - деди саясат таануучу Марат Казакпаев Vesti.kg сайтына берген маегинде. Албетте, жогорку билимдүү болушса жакшы болмок, бирок, милдеттүү түрдө эмес.

Дагы бир саясат таануучу Кубатбек Султанбеков, эгерде сөз Жогорку Кеңеш же шаардык кеңештер жөнүндө боло турган болсо, анда жогорку билимдин милдеттүүлүгү жөнүндө шек саноонун өзү кызыктай көрүнмөк. Бирок, айылдык кеңештердин мисалында айыл жергесинин конкреттүү көйгөйлөрүнө үңүлүп, түшүнүү алда канча маанилүүрөөк.

- Антпесе, вузду жаңы аяктап келген жаш бала өмүр бою өз тармагында эмгектенип, бирок, университетте окубаган адамга караганда депутат болууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү болуп калат да, - деди ал Vesti.kg сайтына. – Бирок, базалык билимге депутат ээ болушу керек баары бир.

КРСУнун юридикалык факультетинин эл аралык укук кафедрасынын башчысы, көз карандысыз саясат таануучу Бекбосун Бөрубашов ал эмес Жогорку Кеңештин IV-V чакырылышында жогорку билими жок бир нече депутат болгонун эске салды. Андыктан, айылдык кеңештин депутаттарынан деле университеттик диплом талап кылуунун кереги жок.

- Билимдүү ууру менен көз боемочу билимсизден жаман, - деп баса белгиледи ал. - Биз президент-академикти көрбөдүкпү. Кайда ал азыр?

Буга чейин Vesti.kg Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жогорку билимдин ээси болуу милдеттүү эмес деген сөзүн жарыялаган эле.

«Аймактарда жаш активисттер, фермерлер жана башка жигердүү адамдар көп. Бул жобону кабыл ала турган болсок, биз алардын укуктарын бузабыз», - деген ал.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх