КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Акылбек Жапаровдун аскер пенсионерлери тууралуу айткандарына кыжырданды
Ал 28 жылда бир дагы президенти күч кызматкерлеринин муктаждыктарын түшүнүүгө аракет кылбаганын айтты
Депутат Акылбек Жапаровдун аскер кызматкерлери жана аскер пенсионерлери жөнүндө айткан сөздөрү кыжырдантпайт койбойт. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы полковник Анвар Сартаев ушундай пикирде.
Кечээ парламентте Социалдык фонддун бюджетин талкуулоо учурунда эл өкүлү аскер кызматкерлерин салык төлөөчүлөрдүн катарына кошууга болорун белгилеген. Анын айтымында алар көп пенсия алып, отставкага эрте чыгышат.
- Аскер кызматкелеринин Соцфондго эч кандай тиешеси жок, - деди Саратаев Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Жай тургундар ага салык төлөп, кийин андан пенсия алышат, ал эми аскер адамдар эмгек акы менен пенсияны мамлекеттик бюджеттен алышат. Эгерде аларга салык да төлөтө турган болсо, өлкө күч кызматкерлерисиз калат.
Аскер пенсионери Кыргызсанда отставкадагы күч түзүмдөрүнүн ардагерлери - калктын социалдык жактан эң аз камсыздалган катмары экенин белгиледи. 2010-жылдын 1-январынан бери алар коммуналдык кызматтар үчүн компенсациялардан (50 пайыз) ажырашкан, Коргоо министрлигинде айлыктар акыркы жолу 2011-жылы, башка күч түзүмдөрүндө 2013-жылы көтөрүлгөн. Алардын маяналары да, пенсиялары да индексацияланбайт.
- Кечээ-жакында эле ички иштер министри менен анын биринчи орун басары сержанттар 8, 5 миң сом алышарын айтышты, - деп эске салды аскер пенсионери. - Ал эми өзү 65-70 миң алат: айлыгы 24 миң, аскердик наам үчүн 1 миң 600 сом, плюс 40 пайыз, тамак-ашка 2 миң 100 сом, плюс 50 пайыз, андан башка купуялык үчүн, атайын поликлиникага тиркелген ж.б. Жетекчиликте кол алдындагыларга караганда артыкчылыктар алда канча көп жана акчалай да көбүрөөк камсыздалышат.
Отставкадагы полковник эркиндикке ээ болгон 28 жылда бир дагы президент күч кызматкерлеринин муктаждыктарын түшүнүүгө аракет кылбай, министрлердин кооз докладдарына ишенип келишкенине кейийт.
- Президент Курманбек Бакиев гана 2008-жылы мугалимдер менен эсептешти: 3 жыл ичинде алар 4,5 млрд сом алышкан, - деди Сартаев. - Медиктерге 1,5 млрд төлөнгөн. 2006 -жылы дароо 700 млн - пенсиянын 30 пайызын алышкан. Ал эми 2010-жылдан бери өлкө жетекчилиги начарлап эле баратат. Эң кедей күч кызматкерлери - Кыргызстанда.
Биздин өлкөдө аскер адамдары «көп пенсия» алышат деген сөздөр аны кыжырдантат.
- Менин пенсиям – 11 миң сом. Көп бекен? - деп баш чайкады полковник. - Бул мен 10 жыл индексация үчүн соттошуп жүргөнүмдөн кийинкиси дагы. Мен, бирок жалгыз эмесмин. Бизде сотко кайрылбай, пенсиясы индексацияланбаган 15 миң адам бар.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров 2012-жылы эле финансы министри кызматын ээлеп турган кезде ишин улантып жаткан пенсионерлерден пенсиянын базалык бөлүгүн алып салууну сунуштаган.
Ольга Федорчук
Фото www