Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Асылбаева анын кыргыз тилинде сүйлөгөнүн эл шылдыңга алганына нааразы

Эл өкүлүнүн айрым тамгаларды айтышы элдерге күлкүлүү көрүнгөнү аны абдан капа кылган

Кыргызстанда мамлекеттик тилдин өнүгүшү мугалимдерден же окутуу усулдарына байланыштуу эмес, анткени, элдөр өздөрү кыргыз тилинде сүйлөөгө аракет кылышпайт, ал эми аракет кылгандарды шылдыңга алышат. Мындай пикирин парламенттин жыйынында депутат Гульшат Асылбаева айтып чыкты.

- Кечээ мен кыргыз тилинде маалымат окудум эле, кийин социалдык тармакта элдер мени шылдыңдап жатканын окудум, - деди ал кесиптештерине. - Элге менин акцентим, «р» тамгасын айта албагыным абдан күлкүлүү көрүнүптүр. Мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билбегеним үчүн өзүмдөн жоопкерчиликти албаймын, бирок, мен аракет кылып жатпайынбы. Тилди үйрөнүүгө далалат кылган башка көптөгөн адамдарды да күлкүгө алышат. Мунун ордуна жөн гана жакшы сөз менен колдоп коюга болот го. Биздин өлкөдө тилди өнүктүрүү көйгөйү методика же мугалимдерде эмес, бири-бирибизге болгон мамиледе.

Асылбаева кыргыз тилинде эркин сүйлөө үчүн болгон аракетин улантаарын белгиледи.

- Мен баары бир кыргызча сүйлөп да ырдай да берем, бирок, элдин мени мазактаганы - мага абдан оор тийди, - деп сөзүн жыйынтыктады парламент мүчөсү.

Төрага Дастан Жумабеков ал докладын абдан жакшы даярдап келгенин айтты.

- Сиз абдан жакшы сүйлөп чыктыңыз, ал эми шылдыңдап жаткандарга көңүл бурбай эле коюңуз, - деп баш чайкаган төрага.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх