Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: УКМК өз кадыр-баркын коргоп калыш үчүн Чалбаевдин ишиндеги акчалары көрсөтүүгө тийиш

Антпесе, депутаттын пикиринде Аскердик прокуратурга кылмыш ишин козгоого милдеттүү

УКМКнын кызматкерлери өз кадыр-баркын коргоп калыш үчүн Башкы прокуратуранын мурдагы бөлүм башчысы Улан Чалбаевдин иши боюнча далил буюмдар катары каралып жаткан 200 миң долларды коомчулукка көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында айтып чыкты.

- Азыр элдин бардыгы УКМКнын сейфинен далил буюмдардын жоголгону жөнүн айтып жатышат, - деп эске салды ал. - Мамкомитет коомчулукка купюраларды көрсөтүп, алардын номерлери кылмыш ишиндеги банкноталардыкына дал келеби-жокпу текшериш керек. Бир гана Кыргызстанда паракор паракордон акча уурдап алышы мүмкүн.

Акаев, эгерде УКМК акчаларды көрсөтпөсө, анда УКМК кылмыш ишин козгоп, бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Башкы прокуратуранын мурдагы бөлүм башчысы Улан Чалбаевдин пара алуу боюнча ишинде далил буюмдар болгон 200 000 доллардын УКМКнын сейфинен жоголуп кеткенин айткан Икрамидин Айткуловдун сөздөрүн жарыялаган.

Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып, акча соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына которулганын маалымадаган. Мекемеде бул кырдаалды атайын кызматтын жетекчилигин жаманатты кылып, коомчулукту адаштыруу үчүн атайын «козутуп» жатканына шек санашпарын билдиришкен.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх