Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Жеенчороев: Кабмин кескин чараларды көрбөсө парламент анын отставкасын талап кылат

 Эл өкүлү Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу журналисттердин иликтөөсүнөн кийин Башкы прокуратура милдеттүү түрдө кылмыш ишин козгошу керек деп эсептейт

«Азаттык», Kloop жана OCCRP борборунун Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион доллар боюнча иликтөөсү бүгүн желдей тарап, эң көп талкууланган темага айланды.

Социалдык тармактарда кыргызстандыктар бийликтен иликтөөдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камакка алууну жана өкмөттүн отставкасын талап кылышууда.

Кабминдин таркатылышы туурасында Vesti.kg сайтына берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев дагы сөз кылды. Анын ою боюнча, аткаминерлер өз калоосу менен отставкага кетиши керек же болбосо парламент муну талап кылат.

- Журналисттердин иликтөөсү боюнча, менимче, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого тийиш, - деген пикирин билдирди Жеенчороев. - Экономикалык маселелер боюнча жооптуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы кызматтарынан кетиши керек. Өкмөт кескин чараларды көрсүн же болбосо кабмин отставкага кетиши керек. Болбосо Жогорку Кеңеш өкмөттүн таркатылышын талап кыла алат.

Эске салсак, Мирлан Жеенчороев журналисттерге бажыдагы коррупциялык схемалар жөнүндө айтып берген ишкер Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн жагдайларын иликтөөчү депутаттык комиссиянын курамына кирген.
Комиссиянын курамында андан сырткары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы - Искендер Матраимов дагы бар.

- Менимче, комитеттин иши менен жыйынтыктарыне эмитен элек шек келтирбеш үчүн кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ адамдар өздөрүнүн чечими менен эле комиссиядан чыгып кетүүгө тийиш. - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов дагы Vesti.kg сайтына берген маегинде анын кесиптеши Искендер Матраимов депкомиссиянын курамынын чыгып кетиши керектигин билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх