Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмамбет Шыкмаматов: Искендер Матраимов Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиядан чыгышы керек

 Парламент мүчөсүнүн пикиринде Райымбек Матраимовдун бир тууганынын иликтөөдө катышуусу кыргызстандыктардын нааразычылыгын туудурары шексиз

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов (МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы) Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаиинин тегерегиндеги окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн парламенттик комиссиянын курамынан чыгышы керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов бөлүштү.

Парламент мүчөсүнүн айтымында анын кесиптеши Матраимовдун бул иликтөөгө катышуусун коомчулук сынга албай койбойт.

- Журналисттердин иликтөөсүнөн кийин анын комиссиянын курамына кошулуусу биздин комитеттин адилеттүүлүгүнө шек келтириши мүмкүн - деди Шыкмаматов. - Ишибиздин натыйжалуулугу үчүн Искендер Матраимов депкомиссиянын курамынан чыкпаса болбойт. Кесиптештерим да бул пикирге кошулат деп ойлойм.

Бул жагдай боюнча өз пикирин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан дагы билдирди.

«Саймаитинин иши боюнча депуттардан турган эмес көз карандысыз мамлекеттик комиссия түзүлгөнү туура болмок» - деп жазган Кылычбек Султан Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

Кечээ «Азаттык» радиосу, Kloop.kg маалыматтык агенттиги жана "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны изилдөө борбору" (OCCRP ) Кыргызстандын бажысында орун алган коррупция жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион доллар жөнүндө иликтөө жарыялашкан. Материалда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталат.

Журналисттерге документтерди буга чейин өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин бергени маалымдалат.

ЖКнын депутаты Алтынбек Сулаймановдун сунушу менен кечээ бул маселе боюнча м парламенттик комиссия түзүлдү.

Комиссияга төмөндөгү депуттар кирип, эл өкүлдөрү жалпы добуш менен бул курамды колдоп беришти:


КСДП

Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Искендер Матраимов

«Республика-Ата-Журт»

Мирлан Жеенчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов

«Кыргызстан»

Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешов,

«Өнүгүү-Прогресс»

Тынчтыкбек Шайназаров

«Бир Бол»

Алтынбек Сулайманов

«Ата Мекен»

Алмамбет Шыкмаматов.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх