Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Карамушкина: Райымбек Матраимов үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен

Парламент мүчөсүнүн айтымында «Райым-миллиондун» өлкөдөн чыгып кеткенине төрт күндүн жүзү болду

МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кетти. Мындай маалыматты Facebook социалдык тармагындагы баракчасында ЖК депутаты Ирина Карамушкина жарыялаган.

«Райымбек Матраимов 4 күн мурда үй-бүлөсү менен өлкөдөн учуп кетти! Эми анын «колдоочусу» качан кетерин күтөбүз», - деп жазган эл өкүлү.

Эске салсак, кечээ «Азаттык», Kloop жана OCCRP бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион туурасындагы иликтөөсүн ачыкка чыгарган.

Журналисттердин материалдарында бажыдагы коррупциялык схемаларга Райымбек Матраимовдун катышы бардыгы айтылат.

Kloop агенттинин маалыматтарына ылайык, Түркияда киши колдуу болуп ажал тапкан ишкер Айеркен Саймаити журналисттерге берген маегинде  өзбекстандык ишкер Абдукадырдын үй-бүлөсүнөн алынган параны чогултуп, бөлүштүрүүнү Матраимов дал өзү жетектеген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх