Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматова: Жээнбеков же Матраимовдорду же кыргыз элин тандасын

 «Үмүт 2020» кыймылы президент жеке көзөмөлү менен Райымбек Матраимовду кармоо боюнча атайын операцияны өткөрсүн деген талабын билдирди

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү «Азаттык» менен Клооп жарыялаган иликтөөдөн кийин камакка алыныш керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Үмүт 2020» кыймылынын лидери Ширин Айтматова билдирди.

«Кыргыз Республикасынын президентин Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, президенттин жеке көзөмөлү менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен ага байланышкан бардык адамдардын кармоо боюнча атайын операцияны баштоого чакырабыз»,- деп айтылган «Үмүт 2020» кыймылынын кайрылуусунда.

Айтматованын айтымында Жээнбеков тандашы керек: же Матраимовдор же Кыргызстандын эли.

Мындан сырткары, «Үмүт 2020» кыймылы ЭКККМК менен Бажы кызматынын жетекчилигин кызматтан кетирип, ошондой эле иликтөө жүргүзгөн журналисттердин коопсуздугун камсыздап берүүнү талап кылды.

Кечээ «Азаттык», Kloop.kg жана эл аралык OCCRP тармагынын журналисттери кыргызстандык бажы тармагындагы коррупция жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 миллион долларлар туурасында иликтөөсүн жарыялашкан. Материалда Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысмы аталат.

Журналисттерге документтерди буга чейин киши колдуу болуп ажал тапкан ишкер Айеркен Саймаити бергендиги маалымдалган.

Кечээ Түркияда анын өлүмүнүн жагдайларын иликтөө боюнча парламенттик комиссия ЖК депутаты Алтынбек Сулаймановдун сунушу менен түзүлгөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх