Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Оор кылмышка шектелген адамдын сөздөрүнө таянып, бизди каралоо аракеттери жүрүүдө

«Райым-миллиондун» агасы Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн жагдайларын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыкты

МБКнын башчысынын мурдагы орун басары, ЖК депутаты Искендер Матраимов «Азаттык», Kloop жана OCCRP жүргүзгөн иликтөө боюнча Facebook социалдык тармагында үн катты.
Анын айтымында киши колдуу болуп каза болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан ар кандай материалдар Матраимовдордун үй-бүлөсүн каралоо максатында жарыяланууда.

«Жакында Түркияда каза болгон Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тууралуу түрдүү сөздөр, ушак-айыӊдар айтылып келе жатканын билесиздер. Анын ишмердиги аралашкан окуяларга биздин үй-бүлөнүн атын дагы чаташтырып, атайын каралоо максатында даярдалган маалыматтар дагы чыгып жатты. Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин анын ысымын бир-нече адамдарга жабыштырып, кимдир-бирөөлөр кырдаалдан пайдаланып маалыматтык оюн кылып жаткансыйт. “Айрым депутаттар Айеркен Саймаити менен байланышы бар экен, чогуу сүрөткө түшүптүр”-деген маалыматтар чыгууда. Мына ушулардын чын-бышыгын иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты», - деп жазган депутат.

Парламент мүчөсү Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн жагдайларын иликтей турган депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын билдирген.

«Айтылып жаткан божомолдуу айыптоолор боюнча биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жөнүндө дагы кеп болуп жатат. Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат”-деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем», - деп түшүндүргөн Искендер Исмаилович.

Муну менен бирге депутат анын иниси Райымбек Матраимовдун кыргызстандык бажы тармагындагы коррупциялык схемага байланышы бар деген айыптоолорго дагы жооп берген.

«Азаттык биринчи иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып жалган маалымат таратканы далилденген. Сиздерге белгилүү болгондой негиз кылып көрсөткөн документтер жасалма болуп чыккан. Экинчи иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоону уланткан. "Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту"-деген мисалдарды келтирген. Мындан тышкары "Азаттыктын" негизги таянган булагы алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаити. Саймаитинин сөздөрүн бекемдеди деген маалыматтары анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар, жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен бизди каралоо максаттуу жүрүп жатат», - деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Эске салсак, журналисттик иликтөө кечээ жарыяланган.
Бажыдагы коррупция жөнүндөгү жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллар туурасындагы материалдарда Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх