Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Аттарын атабай эле коеюн, бирок, бул үй-бүлөнү ачыкка чыгарбаса болбойт

Мурадыл Мадеминов анын айрым кесиптештери киши колдуу болгон Саймаитинин окуясынан кийин өздөрүн актоо менен убара деп эсептейт

Түркиядан киши колдуу болуп ажал тапкан ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн жагдайларын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишине киришти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын мүчөсү Руслан Казакбаев маалымдады.

Анын кесиптеши Мурадыл Мадеминов (КСДП) комиссия Түркияда өлтүрүлгөн ишкердин ишмердүүлүгү жана анын ата мекендик аткаминерлер менен байланышы туурасындагы журналисттердин иликтөөсүн дагы кошо иликтейт деген ойдо.

- Айрым депутаттар азыр бул окуялардан соң өздөрүн актоо менен убара - деп кошумчалады ал. Анткени, бул жерде маселе ким өлтүргөндүгүндө эле эмес чет өлкөгө акчаларды ким чыгаргандыгында.

Эл өкүлү Vesti.kg сайтына бажы тармагында 10 жылдан бери коррупциялык схемалар иштээрин, анын кесепетинде Кытайдан Кыргызстанга келген товарлар менен кагаз жүзүндө келди делген көлөмдөр бири-биринен асман менен жерден айырмаланарын белгиледи. Депутат мындай жол менен бажычылар миллиарддаган сомдорду өз чөнтөктөрүнө жашырып келишерин кошумчалады.

- Азыр бийлик өзү бул маселени тыкыр иликтөөгө кызыкдар - дейт Мадеминов. - Анткени, атын атабай эле коеюн, бирок, ал үй-бүлө мурда да, азыр да бийликке чырмалган. Аларды ачыкка чыгарыш керек. Бул мамлекеттик деңгээлде болууга тийиш. Алар Кыргызстандын элинин акчаларын уурдап келишкен, эми элдин алдында жооп беришсин.

Эл өкүлү ТИМдин тиешелүү сурамдары менен Кыргызстан жана түрк банктары аркылуу кеткен каражаттар кимге которулганын оңой эле текшерүүгө болорун белгиледи.

- Акча жөн эле жатпайт да, аларга Курманбек Бакиевге окшоп Лондондон же Дубайдан же Түркиядан хан сарайыларды алып коюшкан чыгар - деп божомолдоду ал. - Анын баары кимдин атына катталган? Албетте, биздин өлкөнүн жарандарынын аттары чыгат.

Депутат Дастан Бекешев (КСДП) дагы иликтөө менен таанышып, Twitter тармагына өз тыянагын жазган:

«Финполицияны, финчалгындоону, өкмөттү отставкага. Райым Матраимовду, бажы кызматынын мурдагы башчыларын жана бардык көмөкчүлөрдү түрмөгө камаш керек - деп жазган ал. - Эгерде кулак төшөшпөсө анда көчөгө чыгууга туура келет».

Бир аздан соң ал Кыргызстандын жарандарына бийликтен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду, бардык укук коргоо органдарынын жетекчилигин алмаштырууну, расмий иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында акчалардын чыгарылышына тиешеси барлардын бардыгын жазалоо менен журналисттерди уюшкан кылмыштуу топтордон коргоону талап кылууну сунуштады.

«Кыргызстан аркылуу 700 млн долларды чыгарып кеткен Айеркен Саймаитинин окуясы кечээ түн ичинде жарыяланды.

Авторлордун айтымында ишкер журналисттерге өзү катышып жүргөн махинациялар туурасында маалымат менен өзү бөлүшүүнү чечкен, анткени, ал мурдагы өнөктөштөрү аны жөн койбосуна көзү жетип, өз өмүрү үчүн кооптонгон.

«Саймаити профессионалдык түрдө арам акчаларды адалдоо менен шугулданганын өзү мойнуна алган. Беш жыл аралыгында анын жеке көзөмөлү менен Кыргызстандан дүйнөнүн ондогон башка өлкөлөрүнө электрондук которуулар аркылуу жана накталай түрдө кеминде 700 млн АКШ доллары чыгарылган. Транзакциялардын чыныгы таржымалын фиктивдүү келишимдер жашырып, ал эми нак акчаны атайын курьерлер өз каражаты катары ташышчу. Саймаитинин схемасы көмүскө финансы агымдарды камсыздап, алардын көлөмү Кыргызстан дүйнөдөгө эң жакыр өлкөлөрдүн бири экенин эске алганда - жакаңды карматпай койбойт», - деп айтылган иликтөөдө.

Ал аркылуу чет өлкөгө жөнөтүлгөн акчалардын басымдуу бөлүгү уйгур тектүү Кытай жараны - Хабибула Абдукадырдын башкаруусу алдындагы компаниялардын карамагына келип түшчү. Анын үй-бүлөсү декларацияланбаган жана туура эмес толтурулган Кытайдан келген товарларды Кыргызстанга, андан ары бүткүл Борбордук Азиянын жана Россиянын базарларына ташууну колго алган. Капиталдын бир бөлүгү Бириккен Араб Эмираттарындагы, Европа жана АКШдагы банк эсептерине которулуп, ошондой эле кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшалган.

Айеркен Саймаити Хабибула Абдукадыр менен Оштон жолугушат. Абдыкадыр ал жерге Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук округунан келип, шамдагай Айеркендин жөндөмдүүлүгүн байкап, ага кызматташууну сунуштаган. Саймаити Абдукадыр ээлик кылган ири «Абу-Сахий» өзбек базарынын финансылык агымдарын башкарып баштайт.

Хабибула Абдукадырдын фигурасы табышмактуу сыр менен курчалганын белгилеп кетпесе болбойт: чу дегенде эле ачык маалыматтарда анын бир дагы сүрөтүн табууга болбойт. Болгону 2018-жылы анын компанияларынын бири Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга укук алууга аракет кылып, бирок, иши оңунан чыкпай калганы байкалган.

«Корпоративдик маалыматтарга караганда, Абдукадыр Кытайда, Казакстанда жана Өзбекстанда 2000-жылдардан бери иш алып барган бир нече фирмаларга катыштыгы бар. 2011-жылдан кийин анын сырга курчалган чоң бизнестери БАЭ, Германия, Улуу Британия жана АКШга жайылган, бирок, анткен менен кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууну эсепке албаганда анын фирмаларынын бул мамлекеттерде иши тууралуу маалымат кыйла аз. Абдукадырдын компанияларынын ээлери катары көбүнчө анын аялы же балдары катталган, расмий документтерде алар Түркия же Кытайдын жарандары же болбосо эки мамлекеттин тең жарандары катары көрсөтүлөт», - делет иликтөөдө.

Саймаити «Абу-Сахий» базары ачылгандан көп өтпөй ал бул ишти таштаганын, бир аз убакыттан кийин базарларга товар ташуу үчүн соода-транспорттук бизнес ачып, аны дагы «Абу-Сахий» деп атаганын айтып берген.

600 жакын жүк ташуучу унаалар Кытайдан Кыргызстанга, андан кийин башка аймактарга товар ташый башайт. Бажы терминалдарында өз, ишкерлерге «бейиштегидей шарттарды» түзүп берчү адамдар (карапайым кызматкерлерден жогорку жетекчиликке чейин) жетиштүү болгон.

2014-жылы Саймаити өзбек чек арасына жакын жерге «Ноогардан-Атуш» атуу жеке базарын ачат. Анын бул долбоордогу өнөктөшү Назия Турдалиева базар «өгүзүм өлбө, арабам сынба» болуп иштеп жатканын айтса, Саймайити бир нече жыл аралыгында ал аркылуу 114 млн долларды чыгарып кеткен.
Абдукадырдын үй-бүлөсү кытай компаниялары аркылуу Саймаити жана «Ноогардан-Атуш» базарын башкарган анын «Абдыраз» компаниясы менен келишим түзүп келген. Максат - товарлар ал базарда сатылып жаткандай түр көрсөтүү эле. Бирок, чындыгында алар Россия жана Казакстанга кетчү. Бул аларга Евразиялык экономикалык биримдикте көрсөтүлгөн бажы алымдарын төлөөдөн качууга жардам берчү.

«Саймаити бир нече жолу берген маектеринде бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын улам кайталаган, - дешет иликтөөнүн авторлору. - Саймаити Матраимов Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн параларын чогултуп, таратууну өзү жетектеген. Матраимов Абдукадырдын буйругу менен Саймаитинин өзүнөн акча алган».
Ал тургай, Райымбек Матраимовдун аялы Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү менен бирге Дубайдан жер тилкесин сатып алып, ал жерге көп функционалдуу беш кабаттык имарат куруп жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, финразведканын өкүлдөрүнүн айтымында Саймаитинин акча которуулары эки жолу күмөн санаткан. Бирок, ИИМде да, ЭКККМКда да бул мыйзамдуу иш-аракет болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Бирок, жарык күндөрдүн деле акыры соңу келет. 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканада Саймаитини ур-токмокко алышып, сырткы паспортун тартып алышкан. Ал документтери жок кыргыз-тажик чек арасына качып чыгып, кийин Түркияга кетет.
Ал жерден ал Кытайга экстрадициялануудан коркуп, түрк паспортун алууга арыз жазат: анын айтымында Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн өнөктөштөрүнүн бири жасалма кылмыш ишин козгоо үчүн аны 3 млн долларды уурдап алган деп айыптаган.

Саймаити документти 15-ноябрда алмак, бирок, 10-ноябрда аны кафеде отурган жеринен атып кетишет.

Хабибула Абдукадыр Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын ноябрында өткөн инаугурацияга катышкан. Иликтөөнүн авторлорунун айтымында бир нече ири аткаминерлер учурдагы өлкө башчысы аларды Абдукадыр менен өзү тааныштырганын айтышкан, бирок, президент муну караманча танып, Абдукадырдын өзү жөнүндө да, анын коммерциялык кызыкчылыктары тууралуу да эч нерсе билбесин ак эткенден так этип, кайталоодо.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште Айеркен Саймаитинин ишмердүүлүгүн жана өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ага Өмүрбек Бакиров (КСДП), Сайдолимжон Джураев (КСДП), Аалы Карашев (КСДП), Искендер Матраимов (КСДП), Мирлан Жээнчороев («Республика – Ата-Журт»), Закир Шарапов («Республика – Ата-Журт»), Талант Мамытов («Республика – Ата-Журт»), Данияр Төлөнөв («Кыргызстан»), Алмазбек Эргешов («Кыргызстан»), Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»), Алтынбек Сулайманов («Бир-Бол») жана Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен») киришкен.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх