Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдук тургун: Администрациянын имаратынан жүз метр ары жылып митинг өткөрө беребиз

Алена Хоменконун айтымында митингчилердин эч кимиси стадионго басып дагы барбайт

Караколдун мэриясы облустук администрациянын алдында коррупцияга каршы митингди өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко арыз тапшырды. Бул тууралуу Караколдун жашоочусу Алена Хоменко социалдык тармактын биринде жазган.

«Караколдун мэриясы ары-бери аракет көрө калды.. коррупция менен талап-тоноого каршы митингди облустук администрациянын маңдайында өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сотко арыз тапшырыптыр - деп жазган ал. - Бизди кайра стадионго тыгалык деп жатышат. Биздин бийлик эмнеден коркуп жатат??? Бул ТЫНЧТЫК АКЦИЯСЫ!! Андан көрө, мэрия менен облустук администрация, шаарыбыз менен өлкөбүздүн келечеги үчүн бизге кошулбайсыңарбы..
P.S: Төмөндө мэриянын сотко берген арызынын көчүрмөсү.
Башкы суроо: ОБЛУСТУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ КАНДАЙ ОБЪЕКТИЛЕРГЕ КИРЕТ..???». (орусчадан которулду - ред.)

Ал ортодо Алена Хоменко Vesti.kg сайтына маек берип, анда соттун жыйынын бүгүн саат 10го белгиленгенин, бирок, дагы эле чечим жок экенин билдирди.

- Биз баары бир митингге чыгабыз - деди ал. - Администрациянын имаратынан 100 метрге жылабыз дагы нааразычылыгыбызды билдиребиз. Стадионго эч ким басып барбайт.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте коррупцияга каршы митинг өтөт. Акцияга катышууга ниетин билдиргендердин арасында көптөгөн белгилүү инсандар бар, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Эльвира Сурабалдиеванын барары да белгилүү.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх