Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коопсуздук кеңешинин катчысы: Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылышы мүмкүн

Дамир Сагынбаев МБКнын башчысынын мурдагы орун басары издөөдө болбогондугуна байланыштуу анын кыймылы көзөмөлдөнбөсүн айтып, бирок «Райым-миллион» азыр КРде го деп божомолдоду

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу «Кабар» маалыматтык агенттигинде өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Журналисттерди ЖКнын депутаты Ирина Карамушкинанын Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткендигин айткан сөздөрүн эске алып, МБКнын башчысынын мурдагы орун басары азыр кайда экени кызыктырды.

«Матраимов расмий издөөдө эмес. Андыктан биз аны көзөмөлдөбөйбүз. Мага жеткен маалыматтарга ылайык ал Кыргызстандын ичинде», - деген ал.
Дамир Сагынбаевдын айтымында материалдар УКМКга берилгенине байланыштуу, Матраимов журналисттердин материалында көрсөтүлгөн негиздер боюнча суракка алынышы мүмкүн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх