Райымбек Матраимовдун Бишкекте жүргөнүн тартып алышканбы? (видео)
Интернетте МБКнын башчысынын мурдагы орун басарына окшош адам тартылган видео пайда болду
Facebook социалдык тармагында бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго окшогон адам тартылган видео пайда болду. Видеону колдонуучу Эрнис Жээнтаев өз баракчасына жүктөгөн.
«РМ Бишкекте. Контратага даярданып жатса керек. Видео жаңы эле тартылган деп айтышууда» - деп жазган жаран.
Эске салсак, жакынкы күндөрү «Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан даярдалган журналисттик иликтөө жарык көрүп, анда Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллар жана буга МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун катышы бардыгы айтылган.
Кийинчерээк ЖК депутаты Ирина Карамушкина Facebook социалдык тармагы аркылуу Райымбек Матраимов үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирген.
ЖК депутаты Искендер Матраимов бир тууган иниси Райымбек Матраимов КРнан кетпегенин, кесиптеши жалган маалымат таратып жатканын айткан.
Фото www