Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупцияга каршы Караколдогу митингге 15тей адам чыкты (видео)

Нааразычылык акциянын уюштуруучулары шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылышмакчы

Каракол шаарында өткөн коррупцияга каршы митингге 15тей адам чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган шаардын жашоочусу Алена Хоменко маалымдады.

- Жергиликтүү бийлик сот аркылуу облустук администрациянын имаратынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салып салышты - дейт ал. Натыйжада кээ бир адамдар стадионго барышып, калганы, борборго келишкен. Кандай болгон күндө да эл өз позициясын билдирүү үчүн чыгышты. Биз митингге тыюу салуу боюнча соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылабыз - ал мыйзам бузуулар менен кабыл алынган.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Каракол шаарыныне жашоочулары коррупцияга каршы митингге чыгууга даярдык көрүшүп, ал эми шаардык мэрия облустук администрациянын имаратынын жанында нааразычылык акциясын өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылганын жазган. Жыйынтыкта митингчилерге акциясын стадиондо өткөрүү сунушталган.

Вероника Малышева
Фото www
Видео соцсеттармактардан алынды

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх