Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтынбек Сулайманов Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыкты

Парламент мүчөсү бул чечимди аны каралай башташканынан кабыл алганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Түркияда киши колдуу ажал тапкан ишкер Айеркен Саймаитинин тегерегиндеги окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жазган.

«Урматтуу мекендештер, Кытай жараны Айеркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү бул ишти иликтесин деп, ушундай чечимди кабыл алдым.
Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссия ачык иш алып барат деп ишенем», - деп жазган Сулайманов.

Эске салсак, депутаттык комиссия Сулаймановдун өзүнүн демилгеси мен5ен 21-ноябрда түзүлгөн.

Комиссиянын курамына андан сырткары депутат Искендер Матраимов дагы кирип, бирок, коомчулуктун сынына кабылгандан кийин тизмеден чыгууну чечкен.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх